Урмия көлүнүн борбордук бөлүгүндөгү суунун деңгээли деңиз деңгээлинен 1270,06 метрди түзүп, бул учурдагы суу жылынын башына (2025-жылдын 23-сентябрына) салыштырмалуу 56 сантиметрге жогору экени аныкталды.
Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын түндүк-батышында жайгашкан Урмия көлү 2000-жылдардан тартып кургап баштаган. Бир кезде ал Батыш Азиядагы эң чоң, ал эми дүйнөдөгү көлөмү боюнча алтынчы ири туздуу көл болуп, анын суу бетинин аянты 5000–6000 чарчы километрди түзчү.
Көлдүн бассейни Ирандын азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн камсыздоодо өзгөчө маанилүү роль ойнойт. Бирок акыркы жылдары температуранын жогорулашы, жаан-чачын режими өзгөрүшү жана сууну натыйжасыз пайдалануунун айынан бассейндеги суу ресурстары олуттуу кыскарып кеткен.
Ошол эле учурда IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Урмия көлүндөгү суунун деңгээли көп жылдык орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 4,16 метрге төмөн бойдон калууда.
Провинцияда 25-январга чейинки орточо жаан-чачын көлөмү 95,9 миллиметрди түзүп, бул көрсөткүч мурунку суу жылынын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 38,1%га көп, ал эми көп жылдык орточо көрсөткүчтөн 22,9%га аз болду.


















