Улуу Британия Израилдин каржы министри Безалел Смотрих менен улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирге Газадагы жайкын тургундар тууралуу айткан сөздөрү үчүн санкция киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер билдирди, деп маалымдады Reuters.
Атап айтканда, август айында Смотрих Газа тилкесинин эки миллион жашоочусунун ачка болушу “акталган жана моралдык” болушу мүмкүн деп айткан. Өз кезегинде Бен-Гвир Иордан дарыясынын Батыш жээгинде палестиналыктарды өлтүргөн деп шектелген израилдик отурукташкан жарандарды “баатырлар” деп атады.
«Биз [бул вариантты] карап жатабыз, анткени бул ачык эле жийиркеничтүү комментарийлер», – деди британ премьер-министр.
Буга чейин Евробиримдиктин тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл да Бен Гвир менен Смотрихке каршы санкцияларды киргизүүгө чакырган. Ал Смотрихтин «каардуу билдирүүлөрүн» айыптап, аларды «согуш кылмыштарына шыкак» деп атады.

















