Түндүк атлантикалык альянс (НАТО) АКШнын ордуна Украинага аскердик жардам жеткирүүнү координациялоо милдетин өзүнө алды. Бул кадам мурда пландаштырылган, бирок бир нече айга жылдырылган.
Бул тууралуу Reuters маалымат булактарга таянуу менен билдирди.
Анын маалыматы боюнча, бул аракет негизинен Дональд Трамптын Ак үйгө кайтып келер алдында Украинаны колдоо механизмин сактап калуу аракети.
Reuters бул чечим Украинага аскерлерин жөнөтпөстөн, “НАТОнун согуштагы ролун активдештирет” деп жазат. Бирок дипломаттар ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн натыйжасы чектелүү болушу мүмкүн экенин моюнга алышат, анткени Трамптын тушундагы АКШ Украинага жардамды олуттуу чектеши мүмкүн, ал эми Кошмо Штаттар альянстын алдыңкы күчү жана Украинага курал-жарактын негизги жеткирүүчүсү болуп саналат. Трамп Украинага жеткирилип келген жардамдын көлөмүн көптөн бери сындап келген.
Агенттик эске салгандай, АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп орус-украин чатагын тез арада токтотууну каалайт, бирок бул үчүн эмне кылууну пландап жатканын ачыктаган жок.
Буга чейин Киевге аскерий жардам көрсөтүүнү Вашингтон жетектеген “Рамштайн” тобу координациялап келген.
НАТО өлкөлөрү Украинага аскерий жардам берүүнү координациялоону альянска өткөрүп берүүнү июлда Вашингтондо өткөн саммитте чечкен. Жаңы түзүм НАТОнун Украинага коопсуздукка көмөктөшүү жана персоналды машыктыруу миссиясы (NSATU) деп аталды. Штаттын кызматкерлердин саны 700гө жакын. Штаб-квартирасы Германиянын Висбаден шаарындагы америкалык базада жайгашкан.


















