Дональд Трамптын «Тынчтык кеңешин» түзүү демилгесин көптөгөн мамлекеттер Жакынкы Чыгыштагы абалды турукташтырууга багытталган аракет катары кабыл алышты. Ак үй бул демилгени кооз сөздөр менен сунуштаган: жаңжалдарды жөнгө салуу, тынчтык жана коопсуздук. Ошондой эле көпчүлүк Вашингтон акыры Израиль жана Палестина деген эки мамлекет түзүү боюнча эл аралык аракеттерди колдойт деп күтүшкөн. Дал ушундай ыкма ондогон жылдар бою БУУнун аянтчасында жаңжалды жөнгө салуунун реалдуу формуласы катары талкууланып келет.
Бирок «Тынчтык кеңеши» долбоорунун деталдары менен таанышканда дүйнөлүк коомчулук таң калуу менен кабыл алды. Бул долбоордо тынчтыктын жыты да жок. Чыныгы аталышы — Согуш кеңеши.
«Тынчтык кеңешинин» негизги максаты — Жакынкы Чыгыш аймагында Израилдин үстөмдүгүн орнотуу. Америкалык экономист, Колумбия университетинин директору Жеффри Сакс белгилегендей, «Тынчтык кеңеши» — бул Израилдин басып алуу кеңеши.
Вашингтондун Газа сектору боюнча планы тынчтык демилгеси эмес, геоэкономикалык долбоор болуп саналат. Ал палестиналыктарды толугу менен коңшу Египеттеги суусуз чөлгө көчүрүүнү карайт. Чынында алар азыр да чөл шартында — ичүүчү суу, азык-түлүк жана медициналык жардам жетишсиз абалда жашап жатышат. Израиль Газа секторуна гуманитардык жардамдын киришине жол бербей жатат.
Газа секторунун аймагында толук тазалоодон кийин өзгөчө экономикалык аймак түзүү пландалууда. Чынында бул жерди күч менен тартып алып, аны Израилге өткөрүп берүү дегенди билдирет. Аймак бошотулуп, инфраструктура кайрадан курулат, ал эми миллиондогон жергиликтүү тургундардын трагедиялуу тагдыры эч кимди кызыктырбайт. Бул долбоор боюнча алар башка аймакта акырындап жоголууга тийиш.
Ал эми эл аралык укук жөнүндө эмне айтууга болот? АКШ менен Израиль үчүн ал эч качан болгон эмес. Муну алардын Иранга каршы биргелешкен аскердик операциясы ачык көрсөтүп турат.
«Тынчтык кеңеши» — бул чыныгы максаттарды жашырган дипломатиялык калкан, жаңжалдарды жөнгө салуучу механизм эмес.
Айрым мамлекеттердин, анын ичинде мусулман өлкөлөрүнүн, «Тынчтык кеңешине» кирүүгө жана бул долбоорго миллиарддаган каражат салууга даяр экендиги чоң таң калууну жаратат.
2026-жылдын 19-февралында Вашингтондо өткөн «Тынчтык кеңешинин» биринчи жыйынында бир мамлекеттин лидери бул демилгеге чоң суммада каражат бөлүүгө даяр экенин гана билдирбестен, Трамптын «тынчтык орнотуудагы чоң жетишкендиктерин» белгилеп, Дональд Трамп атындагы тынчтык сыйлыгын түзүүнү да сунуштаган.
Бирок президенттик мөөнөтүндө алты согушту баштаган адамды тынчтык орнотуучу деп аташ эмес, башкача аташ керек.
Мындан улам мыйзам ченемдүү суроо жаралат: «Тынчтык кеңешине» кирүүгө даяр мамлекеттердин лидерлери чын эле Трамптын демилгеси тынчтык орнотууга багытталган деп ишенишеби? Же болбосо алар жөн гана кооптуу геосаясий оюнга тартылып калыштыбы? Балким, бул оюнга катышып жатып, айрымдар экономикалык жана саясий пайда алууну көздөп жатышкандыр?
Бул өлкөлөрдүн ичинде азыртан эле мындай суроолор жаралууда:
«Тынчтык кеңешине» бөлүнгөн миллиарддаган каражат АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушуна жардам эмеспи?
Бүгүн Трамп дүйнөлүк саясаттагы негизги фигуралардын бири. Бирок үч жылдан бир аз ашык убакыттан кийин ал кызматтан кетет. Ал эми анын авантюралык чечимдеринин трагедиялуу кесепеттери кала берет.
Ошондо бул авантюрага тартылган мамлекеттердин элдери, бүгүн АКШнын тарыхындагы эң согушчан президент деп аталып жаткан Трампка байланыштуу өз лидерлеринен мындай деп сурашат:
«Биздин бюджеттен чыккан миллиарддаган доллар Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу үчүн эмес, согуш үчүн сарпталарын билген эмес белеңер?»
Иранга каршы ишенимдүү негиздерсиз жасалган кол салуу дагы бир жолу айкын көрсөтүп турат: Трамптын «Тынчтык кеңеши» — бул Согуш кеңеши.
Жакынкы Чыгыш от ичинде күйүп жатат. АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу дүйнөлүк экономикага да таасир эте баштады.
Мындай кырдаалда «Тынчтык кеңешине» шашылыш кирген мамлекеттер оор абалда калышты. Кеңеште калуу — Иранга каршы согушту жана палестиналыктарга каршы геноцидди кыйыр түрдө колдоо дегенди билдирет.
Кеңештен чыгуу жана ката кетиргенин моюнга алуу оңой эмес. Бирок дал ушундай кадам уяттан сактап, бул оюндан чыгууга жардам берет. Ошондой эле өз элине чынчылдык менен түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет:
эмне үчүн тынчтык убада кылган кеңеш чынында Согуш кеңеши болуп чыкты.
Бахтиёр Хамдамов,
тажик эксперти, журналист



















