Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Трамптын Жакынкы Чыгышка сапары: Аброй маселеси

  • Аналитика
  • 16.05.2025 11:29

Loading

Катар университетинин окутуучусу жана Атлантикалык кеңештин изилдөөчүсү Али Бакыр  АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыштагы сапарын жана анын мүмкүн болгон өнүгүү сценарийлерин талдаган макала даярдаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп бүгүн Сауд Аравиясында өтө турган Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин (ССАГПЗ) саммитине катышуу менен Жакынкы Чыгыштагы турнесин баштайт. Андан кийин ал Катарга, соңунда Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) барат. Аны менен кошо Ак үйдүн жогорку кызматкерлери, министрлер, жогорку даражалуу чиновниктер жана бизнес өкүлдөрүнөн турган чоң делегация сапарга чыгат.

Инвестиция, экономикалык кызматташтык, соода жана эки тараптуу мамилелер Сауд Аравиясы, Катар жана БАЭ сыяктуу бай жана таасирдүү өлкөлөрдө боло турган бул визиттин негизги темалары болот. Трамптын администрациясы Перс булуңундагы өлкөлөрдүн фонддорунан АКШга жүздөгөн миллиард долларлык инвестиция тартууну көздөөдө.

Тема боюнча

ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

16.11.2026

Сүйлөшүүлөрдө көтөрүлүшү мүмкүн болгон башка маселелер:

– Израилдин Газага жасаган чабуулдары,
– Палестинанын мамлекеттүүлүк макамы,
– Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр,
– Йемендеги «Ансаруллах» (хуситтер) менен ок атышпоо тууралуу келишим.

Ошондой эле Сирия жана Ливан маселелери да күн тартибине чыгышы мүмкүн. Күтүлүп жаткандай, Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа Трамп менен жолугушууну суранып, санкцияларды алып салуу жана АКШнын Сириянын экономикасын жана мунай секторун калыбына келтирүүгө катышуусун талкуулайт.

Бул турне Трамптын образын ийгиликтүү лидер катары көрсөтүүгө багытталган. Анда жүздөгөн миллиард долларлык инвестициялар жана келишимдер тууралуу убада берилет, саясий жана коопсуздук байланыштары бекемделет. Келишимдер төмөнкү тармактарды камтышы мүмкүн:

– Жасалма интеллект,
– Транспорт,
– Кен өнөр жайы,
– Энергетика,
– Инфраструктура,
– Авиация,
– Коргонуу,
– Мүмкүн болсо жарым өткөргүчтөр жана өзөктүк энергетика.

Аброй маселеси

Бул сапар өзгөчө мааниге ээ, анткени Дональд Трамп азырынча ички да, тышкы саясатта да олуттуу ийгиликке жетише элек. Ал кездешип жаткан кыйынчылыктарга төмөнкүлөр кирет:

– Соода согушу,
– Израилдин Газага чабуулу,
– Ирандын өзөктүк келишимине байланыштуу белгисиздик,
– Россия-Украина жаңжалынан чыга албаган кырдаал,
– Канада менен Гренландиянын ортосундагы чыңалуу,
– Кытай менен мамиленин курчушу.

Ушундай шартта Жакынкы Чыгыштагы бул дипломатиялык сапар жана мультимиллиарддык келишимдерге жетишкен лидердин образы Трамптын саясий ийгиликсиздиктерин көмүскөдө калтыра алат. Бул жагдайды Перс булуңундагы өлкөлөр да түшүнүп, Трампты шаан-шөкөт менен тосуп алып, кең пейилдүүлүгүн көрсөтүшөт. Мындай мамиле анын жеке «эгоcун» ыраазы кылуу менен эле чектелбестен, анын АКШ ичиндеги жана дүйнөлүк аренадагы аброюн да көтөрүшү мүмкүн. Трампка «чоң жеңиш» дагы эле керек. Бул жагдайда эки тарап тең утушта болушу ыктымал. Бирок убада кылынган иштердин баары эле ишке ашпай калышы мүмкүн: айрым демилгелер ишке ашса, башкалары жөн гана шоу катары кала берет.

Биринчи президенттик мөөнөтүндө Трамп Израилге да барган, бирок бул ирет ал маршруттан чыгарылган. Бул абдан символикалык кадам. Азыркы Нетаньяхунун өкмөтү Трампка эч кандай баалуу сунуш бере албайт, тескерисинче, жаңы көйгөйлөрдү жаратат жана Трамптын беделине көө жабат. Бул Трамптын Газада ок атышууну токтото албай жатканын ачык көрсөтөт — бул көп жагынан Нетаньяхунун каршылыгына байланыштуу.

2020-жылдын аягында Байден шайлангандан кийин берген интервьюсунда Трамп палестиндиктер менен тынчтык орнотуу аракетинин ийгиликсиз болушуна Нетаньяхуну күнөөлөгөн: «Нетаньяху тынчтыкты эч качан каалаган эмес» деген. Сауд Аравия Израилди таанууга кызыкдар экенин билдирсе да, ал алгач палестин мамлекеттүүлүгүнө байланыштуу реалдуу кадамдарды көрүүнү кааларын айткан — бул шартты Израиль аткара элек. Reuters агенттиги билдиргендей, АКШнын стратегиясы өзгөрдү: эми Вашингтон Сауд Аравиядан Израил менен мамиле түзүүнү жарандык өзөктүк энергетика тармагындагы программаларды илгерилетүүнүн баштапкы шарты катары талап кылбайт.

Трамп – ортомчу катары

Башка ийгиликтерге карабастан, бул сапар АКШнын негизги союздаштары менен жөн гана дипломатиялык байланыш болбостон, геосаясий демилгени кайра өзүнө кайтарууга жана күчүн көрсөтүүгө багытталган стратегиялык кадам. Экономикалык кызматташтыкка, коргонуу келишимдерине жана стратегиялык инвестицияларга басым жасоо менен Вашингтон Перс булуңунун каржылык жана саясий мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Трампты ортомчу катары көрсөтүүнү көздөөдө. Бирок бул тышкы жаркыраган көрүнүштөрдүн артында аткарыла элек убада жана чечилбеген кыйынчылыктар турат.

Сауд Аравия, Катар жана БАЭ Трамптын символдук жеңишке болгон муктаждыгын түшүнүшөт, бирок палестин мамлекеттүүлүгү боюнча коркунучтуу саясий кадамдардан баш тартууда. Натыйжада, бул визит кыска мөөнөттө Трамптын лидерлик имиджин бекемдеши мүмкүн, бирок узак мөөнөттүү келечекте бардык сүйлөшүүлөр конкреттүү милдеттенмелерге айланабы же дүйнөлүк саясий күн тартибинин көлөкөсүндө калабы – бул негизги маселе болуп калат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШЖакынкы ЧыгышТрамп
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

16.11.2026
ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

ЖМК: Путин, Трамп жана Си Цзиньпиндин жолугушуусу алдын ала макулдашылган күн тартибисиз өтөт

16.11.2026
ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

ЖМК: Вэнс АКШнын президенттик шайлоого катышуу ниетин 2027-жылы жарыялашы мүмкүн

16.11.2026
Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

Кытайдын ТИМи Си Цзиньпин Путин жана Трамп менен жолугушарын ырастады

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
Иран АКШнын жаңы чабуулуна жооп чектелүү же кыска мөөнөттүү болбой турганын эскертти

Иран АКШнын жаңы чабуулуна жооп чектелүү же кыска мөөнөттүү болбой турганын эскертти

16.11.2026
АКШда байланыш системасындагы мүчүлүштүктөн улам 15 миңден ашуун авиакаттам кечигип же токтотулду

АКШда байланыш системасындагы мүчүлүштүктөн улам 15 миңден ашуун авиакаттам кечигип же токтотулду

14.11.2026
Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

14.11.2026
АКШда өлкө боюнча бардык учактардын учуусу токтотулду: эмне болду?

АКШда өлкө боюнча бардык учактардын учуусу токтотулду: эмне болду?

14.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
207 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.