АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өзүнүн жардамчыларына 20-январда боло турган инаугурациядан кийинки алгачкы күндөрү Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү уюштурууну тапшырганын CNN өз булактарына таянуу менен билдирди.
Сүйлөшүүнүн максаттарынын бири Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу аракети үчүн жакынкы айларда жеке жолугушууну талкуулоо болот.
Трамптын улуттук коопсуздук кызматкерлери Путин менен сүйлөшүүгө бир нече апта мурун даярдана баштаган, бирок азырынча так датасы белгилене элек. Трамп кызматка киришкенден кийин америкалык жана орусиялык аткаминерлер бетме-бет жолугушууга даярдана башташат. Трамп сүйлөшүүлөр азыртан эле уюштурулуп жатканын айтты, бирок Кремль расмий даярдыктарды баштоо үчүн ал кызматка киришкенге чейин күтө турганын билдирди. Швейцария менен Сербия жолугушууну өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Трамп Орусияга кысым көрсөтсө, согуш бүтүшү мүмкүн экенин айткан.
Ал ошондой эле Трамп Украинага конкреттүү коопсуздук кепилдиктерин бериши керектигин белгиледи.


















