АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Кариб деңизинде эл аралык сууларда экинчи кемеге сокку урганын билдирди. Үч “наркотеррорист” өлтүрүлгөн, бирок америкалык аскер кызматкерлери жабыркаган эмес.
Бул тууралуу Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармактагы аккаунту аркылуу жарыялаганын РБК басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, кол салуу 15-сентябрда эртең менен болгон.
“Бул окуя венесуэлалык наркотеррорчулар эл аралык сууларда АКШга жөнөтүлгөн мыйзамсыз баңги заттарды ташып баратканда болгон. Бул өтө зордукчул баңги картельдери АКШнын улуттук коопсуздугуна, тышкы саясатына жана маанилүү кызыкчылыктарына коркунуч туудурат”, – деп жазган Трамп.
Анын билдирүүсүнө ылайык, соккудан “террорчулардан” үч киши набыт болуп, америкалык аскерлер жабыркаган эмес.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 3-сентябрында Кошмо Штаттар тарабынан Кариб деңизинин түштүк тарабында Венесуэладан чыгып кеткен маңзат ташыган кемеге сокку урган. Анда 11 адам каза болгондугу айтылган.
“Сокку террорчулар АКШга мыйзамсыз баңгизаттарды ташып бараткан эл аралык сууларда болгон учурда жасалды. Соккудан 11 террорист жок кылынды”, – деп билдирген АКШнын президенти Дональд Трамп.
Буга чейин Вашингтон Кариб деңизинин түштүгүндө өзүнүн катышуусун күчөтүү планын жарыялап, муну баңги картелдерине каршы күрөш менен түшүндүргөн.
Ал эми Венесуэланын президенти Николас Мадуро “Эгемендүүлүк 200: активдүү каршылык көрсөтүү жана туруктуу чабуул операциясы” планы башталганын жарыялаган.
Мадуронун айтымында, план аймакты ар тараптуу коргоо үчүн куралдуу күчтөрдү жана элдик кошуундарды киргизүүнү камтыйт.


















