АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын жакын кеңешчилери 31-октябрдан 1-ноябрга чейин өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык (АТЭС) саммитине катышуу үчүн Түштүк Кореяга жашыруун даярданып жатышат. Бул тууралуу CNN агенттигине Ак үйдүн үч кызматкери билдирген.
Алардын айтымында, сапар Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууга мүмкүнчүлүк катары каралууда. Жолугушуу талкууланып жатат, бирок акыркы макулдашуулар али боло элек.
Мындан тышкары, Трамп АТЭСтин аянтчасын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен байланыш түзүү үчүн да колдонушу мүмкүн. Трамп мурда мындай сүйлөшүүлөргө даяр экенин ырастаган. «Биз бул жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз жана мамилелерди орнотобуз», — деп белгилеген ал.
Чиновниктердин айтымында, Трамп ошондой эле АКШ экономикасына жаңы инвестиция тартууну көздөйт. Бул анын жакында Сауд Арабиясына, Катарга жана Бириккен Араб Эмираттарына жасаган сапарларынын негизги максаты болгон. Ак үйдүн өкүлү телеканалга билдиргендей, сапар «экономикалык кызматташтыкка арналат». Ошондой эле коргонуу жана жарандык өзөктүк энергетика боюнча кызматташтык маселелери да талкууланары айтылды.
Ушул жумада Си Пекиндеги аскердик парадда Ким Чен Ынды, Россиянын президенти Владимир Путинди жана Индиянын премьер-министри Нарендра Модини кабыл алды. Анда Кытайдын өзөктүк үчилтиги (ядерная триада) биринчи жолу көрсөтүлдү. Трамп бул жолугушууну катуу сындап, аны «АКШга каршы жасалган кутум» деп шектенди. Кийин ал Кытайга «АКШ Россия менен Индияны жоготту» деп айыптады. Ошол эле учурда Трамп ар бир лидер менен «абдан жакшы» жеке мамилеси бар экенин айтуусун улантты.
Трамп менен Синин жолугушуусу өлкөлөрдүн бажы тарифтери боюнча сүйлөшүүлөрүнүн фонунда өтүшү мүмкүн. Апрелде АКШ Кытай товарларына 145%дык тариф киргизген, ага жооп катары Пекин 125%дык бажы салыктарын койгон. Бирок бул чаралар 9-ноябрга чейин убактылуу токтотулган.


















