АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Вашингтондун Түркияга F-35 үлгүсүндөгү согуштук учактарды берүү мүмкүнчүлүгүн сынга алгандан кийин катуу нааразы болгонун Axios порталы билдирди.
Басылманын Ак үйдөгү булактарынын маалыматына караганда, Израилдин өкмөт башчысынын Fox News телеканалына берген маеги америкалык президенттин нааразычылыгын жараткан. Ал маекте Нетаньяху Түркияга бешинчи муундагы F-35 истребителдерин берүүгө каршы экенин айткан.
Порталдын дагы бир булагынын билдирүүсүнө ылайык, Трамп Нетаньяхунун «бул маселеге кийлигишүүгө укугу жок» экенин билдирген.
7-июлда Нетаньяху Түркияга америкалык F-35 учактарынын берилиши Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмактуулугун бузушу мүмкүн экенин билдирген. Анын пикиринде, Түркиянын агрессивдүү ниеттери бар жана ал Осмон империясын кайра жандандырууга умтулууда. Нетаньяхунун айтымында, бул тууралуу расмий Анкара ачык эле айтып келет.


















