Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман 18-ноябрда Вашингтонго келип, АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугары күтүлүүдө.
Бул тууралуу CBS телеканалынын билдирүүсүнө таянып kommersant.ru басылмасы жазды.
Белгиленгендей, Сауд Арабиясы АКШ менен коргонуу келишимин түзүүнү каалайт.
“Мухаммад бин Салман Ак үйгө акыркы жолу жети жыл мурун барган. Эки лидер акыркы жолу ушул жылдын май айында АКШ президентинин Жакынкы Чыгышка болгон төрт күндүк сапары учурунда жолугушкан. Алдыдагы ноябрда боло турган жолугушууда Сауд Аравиясы менен АКШнын ортосундагы аскердик маалымат жана чалгын маалымат алмашуу талкуунун негизги темалары болот”,- деп айтылат маалыматта.
ЖМКлардын жазганына караганда, күтүлүп жаткан сапар Сауд ханзаадасы Трамптын экинчи мөөнөтүндө АКШга жасаган биринчи сапары болот.
Маалыматка караганда, эки тараптын сүйлөшүүлөрүндө Газадагы ок атышпоо, Израил менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу жараянын талкуулоо пландалууда. Сапардын жүрүшүндө эки тарап миллиарддаган долларлык бир катар келишимдерге кол коюуну көздөшүүдө.
Кошумчалай кетсек, эки лидер үстүбүздөгү жылдын май айында Америка президентинин Жакынкы Чыгышка болгон төрт күндүк сапарынын алкагында жолугушкан.
Ал эми Саудиянын мураскер ханзаадасы Ак үйгө акыркы жолу жети жыл мурун барган.


















