АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен мүмкүн болушунча тезирээк жолугуп, Украинадагы жаңжалды токтотууга үмүтүн билдирди.
Бул тууралуу ал Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун катышуучуларына видеобайланыш аркылуу сүйлөп жатып билдирди.
“Бир нерсе абдан маанилүү. Мен президент Путин менен тезирээк жолугуп, бул согушту токтотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгум келет”, – деди ал.
Трамп кеп экономика же башка нерсе жөнүндө эмес, миллиондогон өмүрлөр жөнүндө экенин айтып, бул согушту токтотушубуз керек деди.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков күн мурун Россия АКШ менен тең укуктуу диалогго даяр экенин жана Вашингтондон сигналдарды күтүп жатканын, бирок алар келе электигин билдирген.
АКШ президенти буга чейин Россия Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса, ага каршы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин билдирген.
Песков буга комментарий берип, Трамп биринчи президенттик мөөнөтүндө санкция ыкмаларын жактырганын, бирок Россияга каршы достук эмес аракеттердин кесепети болорун билдирген.
Дональд Трамп инаугурациясына чейин орус лидери Владимир Путин аны менен жолугушуу каалоосун билдиргенин жана эки тарап мындай жолугушууга даярдык көрүп жатышкандыгын билдирген. Бирок ал жолугушуу качан болорун тактаган эмес.
Декабрь айында РФ лидери Владимир Путин маалымат жыйын менен айкалышкан түз линия учурунда Трамп менен сүйлөшүүгө жана жолугушууга даяр экенин айтып, эгер бул ишке ашса, эки президент сүйлөшө турган сөз бар экенин белгилеген.
Трамп өзү буга чейин Путиндин сүйлөшүүлөргө даяр экенин биле турганын айтып, бирок мындай байланыштарды Ак үйгө расмий кайтып келгенден кийин гана мүмкүн деп эсептеген.
Трамп Москва менен Киевдин ортосундагы аскерий жаңжалды токтотууга бир нече жолу убада берип, жөнгө салуу боюнча атайын өкүл, отставкадагы генерал-лейтенант Кит Келлогду дайындаган.
Путин ноябрда “Валдай” форумунда сүйлөп жатып, республикачыл Трамптын шайлоо өнөктүгү маалында айткан сөздөрүнө комментарий бергиси келбей турганын, анткени алар “шайлоочулардын добуштары үчүн күрөштө атайылап айтылган” деп билдирген. Россия менен мамилени калыбына келтирүү, украин кризисин токтотууга жардам берүү каалоосу жөнүндө айтылгандар, жок дегенде көңүл бурууга татыктуу деген орус президенти.
АКШнын 47-президенти Дональд Трамп 20-январда ант берип, кызматка расмий киришкен.


















