АКШнын президенти Дональд Трамптын учагы Израилдин “Бен-Гурион” аэропортуна конгонун Израилдин премьер-министринин кеңсеси кабарлады.
Аны аэропорттон Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана анын жубайы Сара Нетаньяху жана Израилдин президенти Исаак Герцог жана анын жубайы Михаль Герцог тосуп алууда.
Трамп Израил парламентинде (Кнессет – ред.) сөз сүйлөйт, андан соң Америка лидери 20дан ашуун өлкөнүн лидерлери катыша турган Газа тилкесиндеги согушту токтотуу боюнча саммитке катышуу үчүн Египетке барат.
Буга чейин Трамп Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылы Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планынын биринчи фазасын ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялаган. Биринчи этапта ХАМАС барымтадагы израилдиктерди бошотот, ал эми Израиль өз күчтөрүн Газа тилкесинин ичиндеги макулдашылган тилкеге чыгарып, Израилдин түрмөлөрүндөгү жүздөгөн палестиналыктарды, анын ичинде терроризм үчүн өмүр бою эркинен ажыратылгандарды бошотот.
Трамптын 29-сентябрда жарыялаган Газадагы тынчтык планы 20 пунктту камтыйт жана барымтадагыларды 72 сааттын ичинде бошотуу шартында ок атышууну токтоосуз токтотууну карайт. Документте ошондой эле ХАМАС жана башка палестин топтору Газа тилкесин башкарууга түз же кыйыр түрдө катышпоону карайт. Көзөмөл убактылуу Трамп өзү жетектеген эл аралык көзөмөл астындагы технократиялык бийликке өткөрүлөт.

















