АКШдагы президенттик шайлоодо атаандашы Камала Харристи жеңип чыккан Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө массалык депортациялоо убадасын аткаруудан башка аргасы жок экенин билдирди.
Ал шайлоого чейинки сөздөрүндө, мигранттарга карата катаал чараларды көрүү жана учурдагы миграциялык программаларды карап чыгуу зарылдыгын айтып, эгер шайлоодон жеңсе миллиондогон мыйзамсыз мигранттарды депортациялоону ишке ашырарын айткан.
Эми Трамп ишке киришкен күндөн тартып, шайлоо өнөктүгү учурундагы берген убадаларын аткараары анык болсо, анда Америкадагы мигранттарды тазалоодон баштап, грин картаны да жокко чыгаруу ыктымалдуулугу бар.
Депортатцияга кимдер кабылышы мүмкүн?
Кээ бир басылмалардын жазганына караганда, Борбор Азиянын алты мамлекетинен барган жарандар көбүрөөк депортатцияланышы мүмкүн. Алардын катарында кыргызстандыктар да бар. Айрым маалыматтарга караганда, учурда АКШда жалпысынан 50 миңден 60 миңге чейин кыргызстандыктар иштеп жүрөт. Алардын арасынан айрыкча Амеркиканын аймагына Мексика аркылуу ар кандай ыкма менен мыйзамсыз киргендер жана тосмону ашып өткөндөр депортацияланат.
Ал эми мыйзамдуу чек ара өткөрмөсүнө барып мобилдик тиркеме аркылуу керектүү маалыматтарды толтуруп, мыйзамдуу өткөндөргө тиешеси жок экендиги да айтылып келет.
Бир ай мурда эле Трамптын жеңиши божомолдонуп жаткан…
“-АКШдагы президенттик шайлоо бул жакта жүргөн биз сыяктуу кыргыз мигранттардын жашоосуна кандай таасирин тийгизиши ыктымал?” деген суроолор берилип жатат – деп билдирди АКШдагы кыргызстандык мигрант, журналист Ибраим Нуракун уулу өзүнүн Х баракчасы аркылуу.
-Трамптын жеңиши жана башка маселер боюнча жеке баамым төмөндөгүдөй:
Мыйзамдуу түрдө келип иштеп, жашап, окуп жүргөн мигранттарга таасирин тийгизбейт. Мексика аркылуу ууру жана башка мыйзамсыз жолдор менен АКШга киргендерге катуу бөгөттөр, депортациялар болушу ыктымал. Грин карта жокко чыгышы ыктымал.
АКШдагы президенттик шайлоо бир гана кыргыз мигранттарына эмес, дүйнөнүн баардык өлкөлөрүнө, бизнестерине, банктарына, доллар колдонгон ар бир адамга чейин тааасири бар деп ойлойм.
Дональд Трамп аябай чоң, аткарылышы дээрлик мүмкүн болбогон убадалардын арты менен шайланды. Согуштарды токтотом, Орусия менен Кытайды биз менен эсептешкидей кылам деп убада берди” – деп жазган ал баракчасына.
Мындан тышкары ал шайлоого анализ жасап, азыркы тапта дүйнөнүн саясий аренасында “от менен ойноп” турган мамлекеттердин АКШга болгон көз караштарын чагылдырып,
– Шайлоонун эртеси эле Москва расмий билдирүү таратып, “Трамптын жеңишине анча деле кубанбаганын” кыйытты. Израилдин премьер-министри болсо, символикалык түрдө биринчилерден болуп куттуктады.
Трамп мындан мурдагы президенттигинде АКШнын элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүргөн эле. Эскиден Израилге ыктаган лидер катары Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотобу же Газа, Ливандагы кырдаалды ансайын курчутабы, азырынча белгисиз.
Камала Харриске жогорку билимдүүлөр, аялдар, каралар жана азияттар көбүрөөк добуш беришти. Ал эми Трампты андан дагы көп сандагы карапайым америкалыктар жана прагматиктер колдоду. Америкалыктар бул шайлоодо “бизге башка дүйнөнү коё туруп, ички маселебизди чечкен, экономикабызды кайра калыбына келтирген, кирешебизди көбөйткөн лидер керек”,- деп айтышты.
Харристин жеңилиши АКШ үчүн күтүлгөн эле жыйынтык болду. Мындан бир ай мурдагы сурамжылоолордо эле Трамптын жеңе тургандыгы божомолдонуп жаткан. Харристин жеңилиши “бийлик башында туруп жеңилип калуу өөн учуруган” авторитардык же диктатуралык өлкөлөрдүн атуулдары үчүн гана “күтүлбөгөн жаңылык” болуп жатат. Себеби ушундай өлкөлөрдө оппозиялык талапкер жеңип алышы же көбүрөөк добуш алышы фантастикадай эле көрүнүш. Кээ бир авторитардык өлкөлөрдө оппозиялык кандидат жеңишке жетмек түгүл, өзүнө да “каршы” добуш бериши салтка айланып калган – деп жазды кыргызстандык журналист.
Ал “Трамп тууралуу жеке пикирим, мага такыр жакпаган лидер. Бирок, бул жолку жеңиши үчүн ага баа бердим. Аябай тобокелчил, чечкиндүү, шар жүргөн ишмер окшойт. Балким, ушундай лидерлердин келишинен чыны менен эле жакшы жакка чоң өзгөрүүлөр болуп кетээр. Камала Харристин билимдүү, акылдуу, сыпайы командасы, ар бир убаданы эсептеп, салмактап, ыйынып атып бергичекти, бул киши пачка-пачкасы менен жаадырып салды. Ушундай шар, чарбачыл жетекчилер ишти алдыга жылдыруу үчүн мыйзамдарды шапкедей алмаштырып, кадрларды да шапкедей алмаштырып, опур-топур ийгиликке жетишип калышы ыктымал. Негизи бул дүйнө баягы өзүбүздүн “акылдуу көпүрө издеп жүргүчө, беркилер сууну кечип өтүптүр” деген…”,- деп кошумчалаган.
АКШнын президенттигине 2-жолу шайланып жаткан Трамптын Орусия менен Украинын ортосундагы жаңжалды токтотууга таасир эте алабы деген суроо азыр саясатчыларды гана эмес, мигранттарды да кызыктырып, талкуу жаратууда.
Чындыгында АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын жеңиши эл аралык негизги темалардын бирине айланды.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.


















