АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди кызматтан кетип, жеке секторго өтөт. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Башкы прокурордун милдетин убактылуу анын орун басары Тодд Бланш аткарат.
«Пэм Бонди — Американын чоң патриоту жана менин ишенимдүү досум. Ал өткөн жылы менин башкы прокурорум катары өз милдеттерин ак ниеттик менен аткарды. Пэм өлкөбүз боюнча кылмыштуулукка каршы масштабдуу күрөштү көзөмөлдөп, зор иш жасады. Натыйжада адам өлтүрүүлөрдүн саны 1900-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Биз Пэмди жакшы көрөбүз», — деп жазды ал.


















