Кыргызстандан тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту), арпа, күрүч, сулууну ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган чечимдин реэкспортко, транзитке, ошондой эле КР министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамдарына тиешеси жок.
Эске салсак, август айынын башында Айыл чарба министрлиги тоютту экспорттоого убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыккан.
Быйыл кардын аз жаашы жана жаздын кеч келиши аба ырайынын өтө ысык болушуна жана жаан-чачындын аз болушуна байланыштуу, жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин үзгүлтүккө учуратып, тоют өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө таасирин тийгизгени кабарланган.
Мындан улам ведомство ички рынокто чөптүн жана башка тоют өсүмдүктөрүнүн тартыштыгын жана баанын өсүшүн алдын алуу максатында айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн тышка ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилерин билдирген.



















