Тоолуу Карабактан Арменияга 84 770 адам көчүп кетти. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн басма сөз катчысы Назели Багдасарян билдирди. Буга чейин аймакта жалпысынан 120 миңден ашык адам жашаган.
Азербайжан өткөн аптада өзүн-өзү республика жарыялап алган аймактын бийлигин багынып берүүгө, жергиликтүү куралдуу күчтөрдү куралын таштоого мажбурлагандан кийин этникалык армяндар Тоолуу Карабактан жапырт түрдө чыгып кетүүгө аракет кылууда.
28-сентябрда эл аралык коомчулук тааныбаган “Тоолуу Карабак республикасынын” лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.
Качкындарды Армения менен Тоолуу Карабакты бириктирген Лачин коридоруна жакын жердеги Корнидзор айылында тосуп алышууда. Бул жерде гуманитардык борбор түзүлдү.
Бул арада Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Тоолуу Карабактан этностук армяндардын жапырт чыгып кетип жатканы үчүн Азербайжанды этностук тазалоо саясатын жүргүздү деп айыптады.
Расмий Баку этностук тазалоо тууралуу дооматтарды четке кагып, аймактагы армяндарды Азербайжанга “реинтеграция” кылуу аракетин көрүп жатканын билдирди.
2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан аймакта “антитеррордук операция” баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришкен.