Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, капиталдык реконструкциядан өткөн «Теплые ключи» санаторийлик-курорттук комплексине барды.
Аталган комплексте узак жылдар бою эч кандай оңдоо иштери жасалган эмес. Бардык тазалоочу курулмалары жарактан чыгып, талаптарга жооп бербегендиктен санаторий жараксыз болуп калган.
Комплекс былтыр Садыр Жапаровдун демилгеси менен Президенттин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берилип, курулуш-калыбына келтирүү иштери башталган.
Алгач, Садыр Жапаров санаторийдин 6 айдын ичинде коттедждер оңдолуп, эмеректери жана электр жабдуулары жаңыланган биринчи бөлүгүн көрүп чыкты. Анда ошондой эле электр жарыгы жана интернет кошулуп, радондук сантехника калыбына келтирилген.
Ар бир бөлмөдө смарт-ачкычтар орнотулуп, ашканасы жаңы жабдуулар менен модернизацияланып, тейлөөчү кызматкерлер үчүн имарат курулган.
Мындан тышкары, бардык ички жолдору асфальтталып, тротуардык такта төшөлүп, куураган бак-дарактардын ордуна арча, Тянь-Шань карагайы, гүлдөр отургузулуп, аянт көрктөндүрүлгөн.
Комплекстин экинчи бөлүгүнөн мамлекет башчысы капчыгайды карап курулган ачык терраса, 100 орундуу ресторан, реконструкцияланган бассейн, радон суусу жана мончо, парафин менен кайра жасалган дарылоо бөлмөлөрү жана башкалар менен таанышты. Имараттын ичинде желдетүү тутуму орнотулган.
Мындан тышкары, каньондон комплекске чейинки жол дагы асфальтталган.




























Discussion about this post