Казем Жалали «Известия» газетасына курган маегинде тараптар азыр туристтик топтордун визасыз сапарлары тууралуу макулдашууну ишке ашыруунун алдында тургандыгын тастыктады.
Иран Россия менен визаны толук жойгонго даяр, азыр бул планды ишке ашырууга ирандык тиешелүү кызмат адамдарынын чечим чыгаруусу күтүлүп жатат.
Бул тууралуу Ирандын Москвадагы элчиси Казем Жалали “Известия” газетасына берген маегинде айтты.
Дипломат Иран жана Россия азыр туристтик группалардын визасыз сапарларын ишке ашыруу боюнча макулдашуунун алдында тургандыгын белгиледи.
«Биздин өлкөлөр ортосундагы визаны толук жокко чыгаруу боюнча маселе тууралуу Иран Ислам Республикасы бул кадамга – биздин мамлекеттердин жарандары бири-бирине эркин барып келиши үчүн визаны жокко чыгарууга даяр экендигин баса белгилеп кетким келет. Албетте, биз азыр жетекчилерибизден тиешелүү чечимди күтүп жатабыз, андан кийин бул чаралар бекитилип, практикалык алкакка түшөт”,- деп айтты Жалали.
Элчи Иран россиялыктарды кыш мезгилинде Перс булуңунун түштүк жээгине чакырууга даяр экендигин, себеби “бул мезгилде ал жак өтө жылуу болорун” кошумчалады.
«Мындан тышкары өлкөнүн бул бөлүгүндө көптөгөн аралдар – Киш, Кешм, Чабехар порту, Бендер-Аббас, Бушер шаарлары, Хузестан, Ахваз жана башка провинциялары бар. Россиялыктар үчүн Ирандын негизинен чөл каптаган борбордук бөлүгү да кызыктуу болушу мүмкүн.
“РФнын жарандары адатта токойго, жашыл чөптөргө, дарыяларга көнүп калышкан, ал эми биздин өлкөнүн борборунда – чөл, бирок ал жакта да бир аз убакыт жүрүп, табият менен таанышса болот. Мындан тышкары бизде көптөгөн коруктар бар, ал жакта флоранын жана фаунанын сейрек түрлөрү кездешет”,- деп белгиледи Жалали.
Россия жана Иран 2023-жылы визасыз туристтик топторду уюштуруу тууралуу макулдашууну ишке ашырууну пландаштырып жаткандыгы тууралуу үстүбүздөгү жылдын мартында РФнын экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников маалымдаган. Бул макулдашуу 2021-жылы 1-июлда түзүлгөн.
Анын алкагында эки өлкөнүн 50 адамга чейинки жарандары бири-бирине 15 күндөн ашпаган мөөнөткө визасыз туристтик максатта бара алышат. Анын негизинде Россия жана Ирандын ортосундагы визасыз группалык саякаттар 1-августтан тартып ишке ашырыла баштаган.