Буга Тажикстандын рекорддук көлөмдө баалуу металлдарды сатып алуусу себеп болду.
2024-жылдын биринчи жарымында Тажикстан 3,4 миллиард доллардан ашык товар жана продукцияны импорттосо, экспорт 1 миллиард долларга жакынды түздү, деп билдирет өлкөнүн статистикалык агенттиги.
Ошентип, соода балансы терс болуп, 2,4 млрд доллардан ашык сумманы түздү.
Импорттун көлөмү, биринчи кезекте, республика үчүн болуп көрбөгөндөй көлөмдө баалуу металлдарды сатып алуунун эсебинен – 343 млн. долларга өстү.
Алтындын дүйнөлүк баасы троян унциясы дээрлик 2400 долларга жеткен май айында Тажикстанга баалуу металлдардын 87%га жакыны импорттолгон.
Белгилей кетсек, февраль айында алтындын бир унциясы 2000 доллардан бир аз ашса, республика тескерисинче, дээрлик 300 миллион долларлык баалуу металлдарды экспортко чыгарган.
Өлкөнүн импортунун түзүмүндө машиналар жана жабдуулар (378 млн доллар), транспорт каражаттары (327 млн доллар), негизги металлдар (316 млн доллар) да салыштырмалуу жогору үлүшүн ээлейт.
Өлкөнүн экспортунун 75%ке жакынын минералдык продуктылар (электр энергиясы, цемент, көмүр, рудалар жана концентраттар) жана металлдар, анын ичинде баалуу металлдар, б.а. чийки заттар түзөт.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республиканын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 4,4 миллиард сомониден ашыкты түздү, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30%га көп.
Быйылкы жылдын биринчи жарымында республика дуйненун 106 өлкөсү менен соода жургузду. Өлкөнүн негизги соода өнөктөштөрү Россия (968 миллион доллар), Кытай (877 миллион доллар), Казакстан (669 миллион доллар), Швейцария (640 миллион доллар) болгон.



















