Алар ЖККУга мүчө-мамлекеттеринин тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрү менен «Бузулбас боордоштук-2023» биргелешкен машыгуусуна катышат.
Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Тажик контингентинин тынчтыкты орнотуучулары Тажикстандан Кант шаарына аба каттамы менен келип, машыгуу өткөрүлө турган Балыкчы шаарына жөө жүрүш жасашты. 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында машыгуунун жетекчилиги тарабынан аларды салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.
Белгилей кетсек, 9-13-октябрь аралыгында Кыргызстанда Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн “Эдельвейс” окуу-машыгуу борборунун базасында ЖККУга мүчө мамлекеттердин Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт.
Биргелешкен машыгууну өткөрүү Планына ылайык ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик контингенттеринин машыгуу өтүүчү районго келиши 6-октябрда жыйынтыкталат.