Тажикстандын базарларында жүзүм аз болуп, баасы бир нече эсеге кымбаттап кетти. Дыйкандар муну быйыл январдын башында Тажикстандын аймагындагы катуу сууктан улам Гиссар аймагындагы жүзүм бактардын көбүнүн үшүп кеткени менен түшүндүрүүдө.
Гиссар аймагындагы “Боги Сомон” дыйканчылык чарбасынын башчысы Махмадамин Камоловдун айтымында, кышындагы суукта бул аймактагы жүзүм бактардын дээрлик баары үшүп кеткен. “Жүзүмдөр 16 градуска чейинки суукка туруштук берет. Бирок быйыл абанын температурасы -27 грдуска чейин түшүп, жүзүмдүн дээрлик 90% үшүп кетти”, – деди ал.
Камолов буга чейинки жылдары Гиссар аймагындагы Турсунзаде шаарында жүзүмдүн килограммын 1-2 сомониден алууга болсо, быйыл 15 сомониден жогору сатылып жатканын кошумчалады.
Бүгүнкү күндө Душанбедеги базарларда жергиликтүү “Шохона” сортундагы жүзүмдүн бир килограммы 50 сомониге (дээрлик 400 сом) жетүүдө.
Адистер кышында үшүп кеткен бактардын тамырынан жаңы сабактар чыгып жатканын, бирок алардан түшүмдү бир нече жылдан кийин гана алса болорун билдирүүдө.
“Буга чейинки жылдары 1 гектар жүзүм багынан 20-25 тоннадан алып келгенбиз. Быйыл түшүм дээрлик жок. Эми катуу суук болбосо, кийинки жылы 15-20дан жаңы сабактар чыгат. Ошондуктан биринчи жылы көп түшүм күтпөй эле коюш керек. 20 тонналык түшүмдү 7-8 жылдан кийин алса болот”, – деди жүзүм өстүрүү боюнча адис Алишер Сугунов.
Жергиликтүү акимчиликтин маалыматына караганда, Гиссар аймагында жыл сайын болжол менен 3,5 миң гектар бакчадан 70 миң тоннадан ашык жүзүм жыйналып келген. Быйыл жүзүм өтө аз болгондуктан, баасы жогору болууда.



















