Тажикстанда суюлтулган газдын баасы акыркы үч аптада дээрлик бир жарым сомониге төмөндөдү, бирок тургундар жол кире арзандабаганына нааразы.
– Газ кымбаттаганда жол кире 5 сомониден 7 сомониге көтөрүлгөн. Андан кийин газдын баасы арзандады, бирок жол кире акысы ошол бойдон калды. Мурдараак газдын баасы кайра көтөрүлүп, жол кире 10 сомониге чейин кымбаттаган. Бирок азыр газ арзандап, жол акысы 10 сомони бойдон калууда, – деди душанбелик Каримбой Гаюров.
2-январь күнү айдоочулардын бири күйүүчү майдан тышкары дагы чыгашалары бар экенин айтты. “Маселен, тетиктер, майлоочу майлар. Мунун бардыгына да каражат керек”, – деди ал.
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Душанбедеги кеңсеси Тажикстанда күйүүчү майдын баасы өткөн апталарга салыштырмалуу 1-3 пайызга арзандаганын кабарлады.
Суюлтулган газдын басымдуу бөлүгү Тажикстанга Казакстандан ташылып келет. Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 450 миң тоннадан ашык мунай өнүмдөрү жеткирилген.



















