Тажикстандын аймактарында электр жарыгы өчүрүлө баштады. “Барки Точик” ишканасынын расмий өкүлү кырдаал боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Душанбе-Шаамбары унаа жолундагы май куюучу жай эки күндөн бери электр генераторун колдонууга аргасыз болууда.
“Кечээ түнкү саат ондон таңкы бешке чейин электр жарыгы жок болчу. Бүгүн таңкы саат ондо электр жарыгы өчүрүлдү. Качан берилери белгисиз”, – деп ийнин куушурду станциянын ээси Саидназар Алиев.
“Электр бөлүштүрүү тармактары” ишканасы жарык өчөрү тууралуу алдын ала СМС аркылуу керектөөчүлөргө кабарлоого былтыр эле убада берген. Бирок станция кызматкерлери эч кандай эскертүү алган эмес.
Жыл сайын күзүндө “Барки Точик” компаниясы электр менен камсыздоо системасында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн аймактарда бир нече саатка электр жарыгы өчүрүлөрүн жарыялайт.
Бул арада Тажикстан Ооганстан менен Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоп жатканы да маалым. Тургундар өкмөттөн алгач өз жарандарын жылуулук жана жарык менен камсыз кылууну талап кылышууда. Бийлик ашыкча электр энергиясы гана чет өлкөгө сатылып жатканын айтууда.
2017-жылы тажик бийлиги энергетика тармагындагы көйгөйлөр жакын арада тарыхта каларын билдирген. 2018-жылы президенттин катышуусунда Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киргизилген. Бийлик ГЭС бүткөндөн кийин Тажикстанда электр энергиясын өндүрүү эки эсеге көбөйүп , эл арзан энергия менен камсыздалып, өлкө аймактагы электр энергиясын экспорттоочу макамга ээ болорун айткан. Учурда Рогун ГЭСинин эки агрегаты ишке киргизилди, бирок калкты электр энергиясы менен камсыздоо боюнча абал дээрлик өзгөргөн жок.