Быйыл сентябрь айында эле Тажикстанда он кишиге генералдын погону тапшырылды.
Генералдык наамдарды ыйгаруу боюнча жарлыкка Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 7-сентябрда кол койгон, документтин көчүрмөсү “Озоди” радиосунун редакциясына 24-сентябрда келип түштү.
Жарлыкка ылайык, Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигиги дагы үч генералдуу болду.
Юстициянын генерал-майору наамы Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Икром Зоирзодага да берилди.
Аны менен катар Коргоо министрлигинде төрт полковник генерал-майор болду.
Ички иштер министрлигинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Бахтиёр Назарзода менен ИИМдин Хатлон облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Файзулло Нозимзода да генералдык наам алды.
Жыл сайын Тажикстанда Эгемендик күнү сыяктуу маанилүү мамлекеттик майрамдардын алдында коопсуздук жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жогорку офицердик наамдар, анын ичинде генерал-майор наамы ыйгарылат.
Азыр Тажикстанда канча генерал бар экени белгисиз. Жергиликтүү жана чет элдик басылмалар Тажикстанды кыска убакыттын ичинде көп генералдуу болгон өлкө катары сыпаттап келишкен.
Тажик бийлиги наам ыйгарууну “өзгөчө өзгөчөлөнгөндөрдүн эмгегин баалоо” деп эсептейт. Оппозиция өкүлдөрү болсо бийлик генералдык наамды чыныгы сиңирген эмгеги үчүн эмес, аткаминерлердин режимге лоялдуулугуна карап, символикалык түрдө ыйгарып жатат деп сындашууда. Алардын айтымында, айрым генералдар милдеттүү аскердик кызмат өтөшкөн эмес.