Өзбекстандан Тажикстанга күнүнө 2 миллион кВт/саатка чейин электр энергиясы жеткирилиши өлкөнүн электр энергиясы менен камсыздалышын жакшыртты. Тараптар эми Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын Өзбекстандын электр тармагы аркылуу транзиттөө мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат.
Эгерде Өзбекстан электр энергиясынын кубаттуулугу жогорулатса, Тажикстанга жеткирүүнү көбөйтүү пландалып жатат. Бул тууралуу Vzglyad.uz басылмасы жазды.
“Тажикстан учурда күнүнө 2 миллион кВт/саатка чейин электр энергиясын алат, эгерде Өзбекстандын кубаттуулугу жогоруласа, жеткирүүнү көбөйтүү пландалууда”,-деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, Тажикстандын Энергетика министрлиги Казакстан менен Түркмөнстандан электр энергиясын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашуулар энергетика министрлеринин деңгээлинде жетишилген. Учурда техникалык маселелерди чечүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Бирок, Душанбенин эл аралык энергетика рыногуна чыгуусу Өзбекстан аркылуу гана мүмкүн. Ошондуктан транзитти камсыз кылуу үчүн Ташкент менен келишим зарыл.
Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдө электр энергиясына чектөөлөр 2027-жылы алынып салынарын жарыялаган. Ал тажик жарандарына өкмөт бул маселени чечүү үчүн чараларды көрүп жатканын билдирген.
Маалыматтарга караганда, өлкөдө күн электр станциялары курулуп жатат. Ал эми Рогун ГЭСинин үчүнчү турбинасынын ишке кириши 2027-жылдын күз айларына пландаштырылган.



















