Тажикстанда банкирдин өлүмүнө шектелгендердин бири тергөө абагында каза болду.
«Ориёнбанктын» төрага орун басары Шухрат Исматуллоевди уурдоого жана өлтүрүүгө шектелип кармалгандардын бири – Акбар Ахмедов Душанбедеги тергөө абагында каза болуп, сөөгү өзү туулуп-өскөн айылда жашыруун жерге берилди. Бул тууралуу «Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Ахмедовдун сөөгүн ата-энесине 30-августта өткөрүп берип, аларга уулунун тергөө абагында өлгөнү тууралуу эч кимге айтпоону эскертишкен.
Булактын айтымында, маркумдун сөөгү жакындарына көрсөтүлгөн эмес, аны дароо жыгач табыт менен көрүстөнгө алып барып көмүшкөн. «Августтун башында Ахмедовго басым көрсөтүү үчүн укук коргоо органдары анын апасын кармап, тергөө абагына камаган. Мындан улам Акбар Москвадан Душанбеге келип, колго түшүп берүүгө аргасыз болгон», – деди булак.
«Озодинин» дагы бир булагы билдиргендей, Ахмедов сурак маалында кыйноого кабылган. Аны өлтүрө ур-тепкиге алышканы кабарланды. Акбар Ахмедов 36 жашта болгон. Ал IT тармагында иштеп, алты баласын багып келген.
Тажикстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, Акбар Ахмедов 23-июнда Шухрат Исматуллоевди уурдап кеткен кылмыштуу топтун 15 мүчөсүнүн бири болгон. Алар Исматуллоевди өлгүчө кыйнап, сөөгүн дарыяга ыргытып жиберишкен. Банкирдин сөөгү эки айдан кийин гана табылган.
Тажик президентинин үй-бүлөсүнө жакындыгы бар банкирдин уурдалышы жана өлүмү өлкөдө катуу талкууланган.
Укук коргоочулардын айтымында, Тажикстанда күнөөнү күчтөп моюнга алдыруу үчүн тергөө абактарында кыйноо ыкмыларынын колдонулушу көп жылдардын бери чоң көйгөй болуп келет.