Эмомали Рахмон мамлекеттик сапарынын алкагында Пекинде кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тажикстандын маалымат каражаттары жазды.
Тажикстандын президенттик басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Эмомали Рахмон өз сөзүндө өлкөдөгү жагымдуу экономикалык климатка жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн соода-инвестициялык кызматташтыгынын чыңдалышына көңүл бурду.
Ал Кытай Тажикстандын ишенимдүү жана негизги өнөктөшү экенин белгилеп, Кытайдын өлкө экономикасына салган инвестициялары дээрлик 6 млрд долларга жеткенин айтты. Анын ичинен болжол менен 3,5 млрд доллар түз инвестициялар болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө ал өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, кытай бизнесин Тажикстандагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырды. Өзгөчө гидроэнергетикалык потенциалга, пайдалуу кендердин запастарына, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө, логистикалык борборлорду түзүүгө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө басым жасалды.
Жыйынтыгында тажик жана кытай компанияларынын ортосунда 50дөн ашуун кызматташтык документтерине кол коюлду. Алар Тажикстанга 8 млрд доллардан ашуун инвестиция тартууга багытталган.
Буга чейин Казакстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү жыл башынан бери 26% өскөнү кабарланган.



















