Тажикстан, Казакстан, Азербайжан жана Бангладеш Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун демилгесинин алкагында Газа тилкесинин тургундарына гуманитардык жардам ирээтинде 200 тонна сапаттуу буудай унун жөнөтүштү.
12 жүк ташуучу унаадан турган гуманитардык кербен Керем Шалом/Карам Абу Салем чек ара бекетине келди.
Жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) жана Бириккен Улуттар Уюмунун башка агенттиктери менен биргеликте уюштурулду.
Жардам менен азык-түлүк тартыштыгына кабылган 8 миңге жакын үй-бүлө камсыздалат.
2024-жылдын башында Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму Газа тилкесиндеги ачарчылык коркунучу менен күрөшүү үчүн «Адамзат үчүн ун» программасын ишке киргизген.
Бул программа оор гуманитардык кырдаалга туш болгон аймактын калкын колдоо үчүн шашылыш чакырык менен дүйнө коомчулугунун көңүлүн бура алды.
Эске салсак, Израиль менен ХАМАС кыймылы ок атышууну токтотуу келишимине кол коюуга жетишкен.
Бул келишимдердин биринчи этабы 42 күнгө созулуп, ал убакта ХАМАС барымтадагы 33 израилдикти, анын ичинде аялдар менен улгайган жарандарды, Израиль болсо өз кезегинде белгилүү бир сандагы палестиналык туткундарды бошотот.
Мындан тышкары, Израиль армиясы тилкедеги калк жыш жайгашкан аймактардан чыгып, Газанын чек араларынан кеминде 700 метр артка чегинет.
Тараптар бул келишимге көптө келишти. Ошентип эл аралык күчтөрдүн жардамы менен сүйлөшүүлөр уланып, келишим жетишилди. Биринчи ок атышпоо келишими 15-январга караган түнү күчүнө кирди, бул тууралуу келишимге Катарда кол коюлган.
Бул жаңжал башталган бери экинчи ок атышпоо: биринчиси 2023-жылдын ноябрында түзүлгөн жана алты күнгө гана созулган.
БУУнун эсептөлөрү боюнча, Газада жардыруулардан калган урандыларды тазалоо 21 жылга созулуп, 1,2 миллиард доллар чыгымдалат. Газада 170 миңден ашуун имарат зыянга учураган же кыйраган. Бул анклавдагы согушка чейинки имараттардын жалпы санынын болжол менен үчтөн эки бөлүгүн түзөт.




















