Тажикстан менен Иран 10-августтан тарта жалпы жарандык чет өлкөлүк паспорту бар жарандар үчүн визасыз режим киргизет.
Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 2024-жылдын 10-августунан тарта Тажикстан менен Ирандын өкмөттөрүнүн ортосундагы жалпы жарандык чет өлкөлүк паспорттордун ээлери үчүн визаларды жоюу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму күчүнө кирет.
Мекеменин маалымаыты боюнча эки өлкөнүн жалпы жарандык чет өлкөлүк паспортунун ээлери тараптардын аймагына алгач киргенде 30 күн бою жүргөндөн кийин бир жыл аралыгында жалпысынан 90 күн визасыз жүрө алышат.
Биринчи этапта визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн Душанбе-Тегеран жана Тегеран-Душанбе аба каттамы менен каттагандар гана пайдалана алышат.
Эске салсак, эки өлкөнүн ортосундагы меморандумга 2023-жылдын 8-ноябрында Ирандын маркум президенти Ибрагим Раисинин Душанбеге расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча кол коюлган.
Анда ошондой эле экономика, соода, өнөр жай, транспорт, темир жол, энергетика, биргелешкен эркин экономикалык аймакты түзүү, бажы, маданий, илимий тармактарда, ошондой эле жаңы технологиялар, спорт, кризистик кырдаалды жөнгө салуу жана баңги заттарга каршы күрөш багыттары боюнча кызматташуу келишимдери түзүлгөн.
Эске салсак, Иран үстүбүздөгү жылдын 4-февралынан баштап туристтик максатта 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жокко чыгарган. Ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан, Беларусь, Катар, Мексика, БАЭ, Сауд Аравиясы, Сербия, Өзбекстан жана Япония бар.
Иран менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу визасыз режим былтыр киргизилген.



















