Тажикстанда 2024-жылдын алгачкы айында 10%га азайган тоок эти менен жумуртканы кошпогондо айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 4,5%га жогорулады.
Тажикстан президентине караштуу Статистика боюнча агенттик айыл чарбасы боюнча 2024-жылдын январь айынын жыйынтыгын чыгарды. Бул ведомствонун маалыматына ылайык, айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү январь айында 1 млрд. 19,6 млн сомонини түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 4,5%га (салыштырмалуу баада) жогору. Анын ичинен мал чарба продукциясынын көлөмү 1 млрд 8,2 млн, ал эми өсүмдүк өстүрүү – 8,4 млн сомонини түзгөн.
Айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө элдин үлүшү 74,5%ды, коомдук чарбалардыкы – 18,8%ды, дыйкан чарбалардыкы – 6,7%ды түзгөн.
Күнөсканаларда өсүмдүк өстүрүүдө 483 тонна жашылчанын түшүмү жыйналып, бул 2023-жылдын биринчи айынан 19,8%га көп.
1-февралга карата коомдук жана дыйкан чарабаларда дан менен буурчактын 55 миң тонна кору камдалган, анын ичинде 47,6 миң тоннасы буудай. Картошканын үрөнүнүн кору 79 миң тоннаны, пахтанын үрөнү 17,5 миң тоннадан ашык
Кампаларда жана муздаткычтарда (Мамлекеттик материалдык резерв агенттигинин корун эсепке албаганда) 8,5 миң тонна буудай, 2,7 миң тонна картошка, 8 миң тоннадан ашык жашылчалар, 1,5 млн шарттуу банка консерва продукциясы сакталууда.
Мал чарба тармагында 2024-жылдын январында эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,4%га жогорулап, тирүү салмагы 15.3 миң тоннаны түзгөн.
Сүт өндүрүү 5%га жогорулап, 63,8 миң тоннаны түзгөн.
Ошол эле учурда тоок этин өндүрүү 11%га төмөндөгөн ( 3,4 миң тоннага жакын), ал эми жумуртка өндүрүү 10%га азайган – 88,2 млн даана, өткөн жылы бул мезгилде 96 млн даана тоок жумурткасы өндүрүлгөн.
2023-жылдын январына салыштырмалуу бир топ – 22,5 эсе мал чарба продукциясын экспорттоо жогорулап, бул негизинен эт-сүт азыктары болуп саналат $1,3 млн.дон ашкан.
Пахта буласынын экспорту 2.2 эсе жогорулап, акча менен эсептегенде $22,4 млн.ду түзгөн.
Мал чарба азыктарын импорттоо да 25%га жогорулап, $4,2 млн.дан ашкан.
i


















