Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Москвадагы “Садовод” базарында тажик жарандары менен полициячылардын тирешүүсү боюнча билдирүү таратты. Жаңжалдан кийин 70тен ашуун мигрант кармалган.
Элчилик 20-декабрдагы билдирүүсүндө “кырдаалга байкоо жүргүзүп, Орусиянын тиешелүү органдары менен тыгыз иштешип жатканын” кабарлады.
Тажикстандын элчилиги маселени чечүүгө аракет кыларына ишендирди.
“Тажикстан жарандарынан жашаган өлкөсүндө жүрүү эрежелерин сактоону суранабыз”, — деп айтылат билдирүүдө.
“Садовод” базарындагы окуя 15-декабрда болгон. Полиция кызматкери Тажикстандын 21 жаштагы жараны Сухроб Юсуповду документтерин текшерүү үчүн Верхние Поля көчөсүндө токтоткон. “Осторожно, Москва” Телеграм каналы билдиргендей, Юсупов токтобой , полициячыны сүйрөп, андан соң унаасынан түшүп, кол көтөргөн.
Полиция кабарлагандай, кармоо учурунда тажикстандык жарандын талмасы кармаган.
“Кармалган жаранга жардам көрсөтүү учурунда агрессивдүү маанайдагы жарандардын тобу (80ден ашык адам) полиция кызматкерлерин жөөлөп, кызматтык унаанын дөңгөлөгүн кескилешкен. Окуя болгон жерге полициянын кошумча кызматкерлери барган”, — деп маалыматта.
21 жаштагы тажикстандыкка “Бийлик өкүлүнө күч колдонуу” жана “Бийлик өкүлүн мазактоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Сот аны эки айга камоо чечимин чыгарды. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес.


















