Иран АКШ Ормуз кысыгына деңиз блокадасын сактап турган учурда сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес экенин билдирди. Бул тууралуу Tasnim агенттиги кабарлады. Ал эми Дональд Трамп келишим болбой калса, Ирандын энергетикалык объектилерин жана көпүрөлөрүн жок кылуу менен коркутууда.
Иран азырынча Пакистанга сүйлөшүү делегациясын жиберүүнү пландабайт — АКШ Ормуз кысыгындагы блокаданы токтотмойунча сүйлөшүүлөр өтпөйт. Бул тууралуу Tasnim агенттиги ирандык сүйлөшүү тобуна шилтеме кылып билдирди.
Агенттиктин маалыматына караганда, Иран менен АКШнын ортосундагы биринчи сүйлөшүүлөр айлампасынан кийин Пакистандын ортомчулугу аркылуу байланыш уланган. Чынында бул процесс ошол эле диалогдун уландысы болуп саналат, «ал АКШ тараптын ашыкча талаптары жана амбицияларына байланыштуу жыйынтыксыз аяктаган», деп айтылат билдирүүдө.
Ирандык сүйлөшүүчүлөр АКШ президенти Дональд Трамптын Иранга каршы деңиз блокадасы тууралуу билдирүүсү күчүндө турган учурда мындан аркы байланыш мүмкүн эмес экенин баса белгилешти.
Буга чейин Трамп ок атышууну токтотуу мөөнөтү аяктоого жакын калганда АКШ сүйлөшүүчүлөрүн Исламабадга жөнөткөнүн билдирген. Эки өлкөнүн ортосундагы эки жумалык жарашуу 21-апрелде аяктайт. Al Jazeera Пакистандын коопсуздук кызматтарындагы эки булакка таянып, жаңы сүйлөшүүлөр 24-апрелге чейин Исламабадда өтүшү мүмкүн экенин билдирген.
Ошондой эле Трамп ABC News телеканалынын журналисти Жонатан Карлга АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс коопсуздук маселелеринен улам сүйлөшүүлөргө катышпай турганын айткан.
АКШ президенти Иран келишимге макул болбосо, анын электр станцияларын жана көпүрөлөрүн жок кыларын да эскерткен. «Жетишет, жакшы жигит болууну токтоткула! Алар (Иран) тез эле багынышат, оңой багынышат. Эгер келишимди кабыл алышпаса, керектүү нерсени жасоо мен үчүн сыймык болот», — деп жазган Трамп Truth Social тармагында.
Иран менен АКШнын мурунку сүйлөшүүлөр айлампасы 11-апрелде Исламабадда өткөн — жарашуу жарыялангандан бир нече күндөн кийин. Бирок тараптар бир катар негизги маселелер боюнча макулдашууга келе алышкан эмес. Axios маалымдагандай, АКШ уранды байытууга 20 жылдык мораторий сунуштаган, ал эми Иран кыскараак мөөнөттү колдогон. Трамп буга чейин келишим Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу ниетинен баш тартуусу менен байланыштуу экенин айткан.
Мындан тышкары, тараптар Ормуз кысыгынын макамы боюнча да макулдашууга жетише алышкан эмес. 13-апрелде Трамп жарыялаган иран кемелерине жана портторуна каршы деңиз блокадасы башталган. Буга жооп катары Иран да Ормуз кысыгында өз блокадасын кайра жарыялаган.

















