Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга да көңүл бурулду.
Саммитте сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров Газа тилкесиндеги согуш аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүү процесстерин баштоого чакырды.

«Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
![]()
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Батышты “Израилдин согуштук кылмыштарын колдоп жатат” деп айыптады.
Эрдоган Батыш өлкөлөрүнүн толук колдоосуна ээ болгон Израиль адамга тиешелүү бардык баалуулуктарды тебелеп, мектептерди, мечиттерди, чиркөөлөрдү, ооруканаларды, университеттерди жана турак жайларды бомбалоону улантып жатканын айтты.
Ал ошондой эле Израиль Газа тилкесининде 11 миңге жакын тургунду өлтүргөнүн, алардын 73 пайызы аялдар менен балдар экенин белгилеген.
“Эгер биз бүгүн экономикалык кызматташтык уюму катары, ошондой эле мусулман катары үнүбүздү чыгарбасак, анда дагы качан чыгарабыз?” – деди Эрдоган.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тараптарды ок атышууну токтотууга чакырып, Палестина эли көз карандысыз мамлекет курууга укуктуу экенин дагы бир жолу баса белгиледи.
«Тынчтыкка жана коопсуздукка олуттуу глобалдык коркунуч туудурган Жакынкы Чыгыштагы палестина-израиль согушу баарыбызды абдан тынчсыздандырат. Тилекке каршы, кандуу жаңжалдын курмандыктары биринчи кезекте карапайым калк, өзгөчө аялдар, балдар жана кары-картаңдар болууда. Согуштун бүткүл регионго жайылып кетүү коркунучу барган сайын реалдуу болуп баратат. Бул тирешүүнүн масштабдуу чыр-чатакка айланышына жол бербешибиз керек. Биз тараптарды согуштук аракеттерди токтоосуз токтотууга, тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоого жана акылга сыярлык компромисске жетишүүгө чакырабыз”, – деген өзбек президенти.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси АКШ жана кээ бир Европа өлкөлөрү бул согуш машинасынын өнүгүшүнө жол берип жатканын баса белгиледи. Раиси ошондой эле Иран АКШны Израилди колдогону үчүн Палестина элине каршы кылмыштардын шериги катары карарын белгиледи.

Белгилей кетсек, 8-9-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммити болуп өттү.
Ага уюмга мүчө — Азербайжан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары, ошондой эле Казакстан жана Пакистандын өкмөт башчылары, ЭКУнун башкы катчысы Хусрав Нозири да катышты.
Келерки жылы ЭКУнун саммитине Иран төрагалык кылат. Ибрахим Раиси 2024-жылга “Аймактык байланыштарды кеңейтүү аркылуу сооданы өнүктүрүү” темасын сунуштады.



















