Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Ташкентте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди

  • Маданият
  • 25.04.2025 13:38

Loading

24-апрелде  Өзбекстандын Улуттук университетинде “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн жалпы мурасы” деген темада эл аралык илимий-адабий конференция өттү.

Бул иш-чара Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын Жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурулду.

Конференцияга КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, акын, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Керимбек Кадыракунов, Өзбекстандын эл акыны Маркабай Ааматов, “Кыргызстан – Өзбекстан” достук коомунун директору Бегижан Ахмедов, жазуучу, котормочу Абибилла Пазылов, “Улуу тоолор” басмаканасынын директору Жумадин Кадыров жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов катышты.

Тема боюнча

Ш. Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен  куттуктады

Ш. Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен  куттуктады

04.06.2026

Конференциянын башталышына чейин катышуучулар Ташкент шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө улуу жазуучуга арналган эстеликке гүл коюшуп, аталган университетте уюштурулган “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” аттуу экспозиция менен таанышты.

Иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун замандаштары, эки өлкөнүн белгилүү жазуучулары, котормочулары, адабият таануучулары жана коомдук ишмерлери улуу калемгердин чыгармачылыгынын түрк дүйнөсүнүн маданиятына кошкон салымы тууралуу ой бөлүштү.

1 of 13
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

12.

13.

Элчи Дүйшөнкул Чотонов өз сөзүндө Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук кайра жаралуу мезгилинде жана көз карандысыз мамлекеттер түзүлгөн доордо түрк элдеринин аң-сезимин ойготууга жана бекемдөөгө чоң таасир тийгизгенин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү жаңы чакырыктар жана кооптуу жагдайлар шартында Айтматовдун мурасы түрк дүйнөсүнүн маданий биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору бойдон калууда. Анын чыгармалары жалпы тарыхыбызды, руханий мурасыбызды жана адамзаттык баалуулуктарыбызды эске салып, элдер ортосундагы тынчтыкты, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну даңазалайт”, — деди элчи.

Конференциянын жүрүшүндө Айтматовдун чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктар жана түрк элдеринин биримдигиндеги орду боюнча бир катар докладдар окулду. Ошондой эле заманбап дүйнөдө анын идеяларынын актуалдуулугу тууралуу талкуу жүрдү.

Иш-чаранын алкагында Каныбек Иманалиевдин “Кыргызнамэ” жана Роза Айтматованын “Кат келди” аттуу китептеринин өзбек тилиндеги бет ачары өткөрүлдү.

Ошондой эле бул экспозициянын директору, “Дүйнөлүк адабият” журналынын башкы редактору Ахмаджон Мелибоев, “Кыргызстан–Өзбекстан” достук коомунун төрагасы Зухритдин Исамутдинов жана Өзбекстан Журналисттер уюмунун мүчөсү Төлөнбай Курбанов Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун юбилейлик медалы менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин дүйнөлүк деңгээлде белгилөө жана 2028-жылды БУУ тарабынан “Айтматов жылы” деп жарыялоо сунушу камтылган резолюция кабыл алынды.

Кыргызстандык жазуучулардын Өзбекстандагы иш сапары уланууда.

Автор: Төлөнбай Курбанов

Булак: Кабар

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: адабиятАйтматовкыргыз-өзбек мамилеси
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен  куттуктады

С. Жапаров Ш. Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

24.07.2026
Ш. Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен  куттуктады

Ш. Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен  куттуктады

04.06.2026
Ш. Мирзиёев: “Адабиятты жана искусствону колдоонун жаңы этабы башталды”

Ш. Мирзиёев: “Адабиятты жана искусствону колдоонун жаңы этабы башталды”

02.06.2026
Кыргызстан Өзбекстандан келе жаткан 21 тонна дарбызды артка кайтарды

Кыргызстан Өзбекстандан келе жаткан 21 тонна дарбызды артка кайтарды

01.06.2026
Мен билген Мелибаев

Мен билген Мелибаев

24.03.2026
С. Жигитов кыргыз-өзбек дипломатиясынын башатында турган инсан

С. Жигитов кыргыз-өзбек дипломатиясынын башатында турган инсан

18.03.2026
«Бабурнаама» кыргыз тилинде жарык көрдү

«Бабурнаама» кыргыз тилинде жарык көрдү

17.02.2026
Чыңгыз Айтматовдун элесин тебелебегиле — өзбекстандык ардагер журналист

Чыңгыз Айтматовдун элесин тебелебегиле — өзбекстандык ардагер журналист

03.02.2026
Айтматов жана коом. С. Жапыкеевге кыргыз интеллигенциясы кандай жооп берди?

Айтматов жана коом. С. Жапыкеевге кыргыз интеллигенциясы кандай жооп берди?

20.01.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.