Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Тарыхый документ: Казакстан менен Тажикстан расмий түрдө союздаш болушту

  • Казакстан, Саясат, Тажикстан, ТОП жаңылыктар
  • 24.08.2024 11:33

Loading

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбеде эки күндүк мамлекеттик сапар менен болду.

22-23-август күндөрү Душанбеде болгон жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара саясий, экономикалык жана маданий байланыштар талкууланды.

Сапардын алкагында тар чөйрөдө жана эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын курамында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болду.

Тема боюнча

Казакстандыктар акбөкөндүн этин сатып алууга шашылбай жатышат – Айыл чарба министрлиги эмне дейт?

Казакстандыктар акбөкөндүн этин сатып алууга шашылбай жатышат – Айыл чарба министрлиги эмне дейт?

24.11.2026

Токаев Тажикстанга мамлекеттик сапарынын негизги максаты – казак-тажик достук жана өз ара колдоо мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча жалпы максатка жетүү экенин баса белгилегенин  Акорда сайтында айтылат.

Казакстан менен Тажикстан бизнес форум өткөрүп, анда 1 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду.

Ошондой эле тараптар өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдашышты. Казакстан Тажикстандын эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири. Расмий маалыматтарга караганда, 2023-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашкан.

Мындан тышкары, мамлекеттер ортосунда 16 келишимге кол коюлду, анын ичинде маанилүү жана тарыхый документ – “Тажикстан Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишим” бар.

Казак лидери эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн союздаштык мамилелер жөнүндө келишимдин өзгөчө маанисине көңүл бурду.

«Бул тарыхый документ биз үчүн жаңы горизонтторду ачып, көп кырдуу байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө негиз түзөт. Биздин союздаштык мамилелерди чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерибиз бүткүл Борбор Азия аймагында туруктуу өсүштү жана стабилдүүлүктү камсыз кылууга жардам берет», – деди Токаев.

Өз кезегинде Эмомали Рахмон бул маанилүү документ эки өлкөнүн кызматташтыгынын тарыхынын жаңы барагын ачарын жана ал эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын бекем негизи болуп каларына ишеним артты.

Кол коюлган документтер:

  • Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен Тажикстан Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлиги менен Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин ортосунда өнөр жай тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Казакстандын Энергетика министрлиги менен Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлигинин ортосундагы мунай жана газ тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Эки өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин ортосундагы инновациялык жана санариптик өнүктүрүү, айыл чарба кадрларын даярдоо жана кайра даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги менен Тажикстандын президентине караштуу Инновациялар жана санариптик технологиялар агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги менен Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Телерадио комитетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлиги менен Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш комитетинин ортосундагы курулуш секторунда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Казакстандын Айыл чарба министрлиги менен Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Азык-түлүк коопсуздугу комитетинин ортосундагы ветеринария тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • 2025-2027-жылдарга Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги менен Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери жана спорт боюнча комитетинин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу программасы;
  • Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги менен Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу, метрология, сертификаттоо жана соода инспекциясы боюнча агенттиктин ортосундагы стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Алматы облусунун акимиаты менен Хатлон облусунун мамлекеттик бийлигинин аткаруу органынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий кызматташуу боюнча меморандум;
  • Казакстандын Юстиция министрлиги менен Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Аткаруу кызматынын ортосундагы соттук актыларды жана башка органдардын актыларын аткаруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • «Казакстан Темир Жолу» АК АК менен «Рохи Охани Тажикстан» мамлекеттик унитардык ишканасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  • “Казатомпром” УАК АК менен Тажикстандын сейрек кездешүүчү металлдары мамлекеттик унитардык ишканасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Казакстандын «Жастар ассамблеясы» Республикалык коомдук бирикмеси менен «Тажикстан жаштар союзу» коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

Сапардын алкагында казак лидери Тажикстандын премьер-министри менен жолугуп, соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселесин талкуулады.

Ишкердик жана расмий жолугушуулардан тышкары Токаев кеңири маданий программага күбө болду. Анын келишинин урматына Казакстандын Тажикстандагы маданият күндөрүнүн ачылышына арналган гала-концерт өттү.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: КазакстанКасым-Жомарт ТокаевКелишимТажикстанЭмомали Рахмон
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Казакстан өзүнүн спутниктеринин бирин орбитадан чыгарууга даярданууда

Казакстан өзүнүн спутниктеринин бирин орбитадан чыгарууга даярданууда

24.11.2026
Казакстандыктар акбөкөндүн этин сатып алууга шашылбай жатышат – Айыл чарба министрлиги эмне дейт?

Казакстандыктар акбөкөндүн этин сатып алууга шашылбай жатышат – Айыл чарба министрлиги эмне дейт?

24.11.2026
Тажикстанда токтоп турган мунай иштетүүчү заводдорду кайра ишке киргизүү маселеси талкууланды

Тажикстанда токтоп турган мунай иштетүүчү заводдорду кайра ишке киргизүү маселеси талкууланды

24.11.2026
Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда

Казакстанда 16 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салуу сунушталууда

19.11.2026
ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

ЭВФ 2027-жылы Казакстандын экономикасынын өсүшү тездейт деп болжолдоодо

18.11.2026
Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын алмаштырды

Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын алмаштырды

16.11.2026
Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

Иордания Борбордук Азияда жаңы геосаясий оюн баштап жатабы: падышанын сапарынын артында АКШ менен Израилдин кандай кызыкчылыктары турат?

14.11.2026
«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

«Олуттуу белги»: Токаев «Самрук-Казына» жана КТЖдагы коррупцияга байланыштуу билдирүү жасады

13.11.2026
Токаев бай казакстандыктар үчүн жогорулатылган салык киргизүүнү сунуштады

Токаев бай казакстандыктар үчүн жогорулатылган салык киргизүүнү сунуштады

29.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.