Саламаттык сактоо министрлиги тамекини насвай, кальян жана электрондук тамекилерге алмаштырууга аракет кылбоону, алардын ден-соолукка зыяны бирдей экенин эскертти.
Тамеки адамдын органдарына кандай таасир этет?
- мээге тийгизген таасири – инсультка алып келет;
- жүрөккө тийгизген таасири – инфарктка жеткирет;
- кан тамыр ооруларын жаратып – кан басымынын жогорулашына алып келет;
- уйку безин талкалып – кант диабетине алып келет;
- бут, колго тийгизге таасири – гангрена кылат;
- ошондой эле өпкө, ооз көңдөйү, бөйрөк, боор жана башка органдардын рак илдетине алып келет;
- аялдардын жана эркектердин репродуктивдүү системасына таасир этет.
«Көмүртек кычкыл газы жана 7 миңден ашык уулуу заттар организмде кычкылтек жетишсиздигин пайда кылат. Никотин бул уу. Тамеки буюмдарын сатып алуу менен ооруну сатып аласыз. Сиз адегенде тамекиге, андан кийин тамеки колдонуунун кесепеттерин дарылоого чыгым коротосуз», — деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин эскертүүсүндө.