Ооганстанды башкарган “Талибан” кыймылы британиялык атайын күчтөрдүн мурдагы базасында “жанкечти” дрондорду жасоого киришти.
Бул тууралуу ISNA агенттиги Daily Mail гезитинин маалыматына шилтеме берип жазды.
Daily Mail маалымдагандай, бул база мурда 20 жыл бою Британиянын атайын күчтөрү тарабынан колдонулган. Ал Логар провинциясында жайгашкан. Учурда ал жер Ооганстандын чегинен тышкаркы буталарга чабуул коюуга жөндөмдүү “жанкечти” дрондорду жасоо жана сыноо үчүн негизги объект катары колдонулуп жатат.
Басылма жазгандай, Талибан 2021-жылы бийликке кайтып келгенден кийин жана Батыштын коопсуздук кызматтарынын кооптонуусунан улам жүздөгөн дрондорду жасоо үчүн эл аралык адистерди жалдаган. Алардын арасында “Аль-Каида” террордук уюму менен байланышы бар делген инженер жана Улуу Британияда билим алган адис да бар.
Дрондор мурда АКШ аскерлери тарабынан колдонулган “Кэмп Финикс” деп аталган базада жасалууда. Бул база Талибанга каршы согуш маалында АКШ тарабынан ооган күчтөрүн окутуу жана камсыз кылуу үчүн негизги борбор болгон.
Аталган базада дрондордун айрым бөлүктөрү мурдагы жабдуулардын арасында калганбы же жокпу белгисиз, бирок Daily Mail бул базада азыр жашыруун өндүрүштүк линия бар экенин кабарлады.
Булактардын айтымында, дрондор Логар провинциясындагы мурдагы аба базада ийгиликтүү сыноодон өтүп жатат. Айрым дрондор жакында Пакистандын чек ара аймагына жасалган чабуулда колдонулган.
Мындан сырткары, маалыматта Талибандын адистери АКШнын “Reaper MQ-9” сыяктуу дрондордун кээ бир моделдерин көчүрүп алышканы айтылат.
Билдирүүдө Талибандын дрон жасоо жана өнүктүрүү программасы акыркы эки жылда ишке ашып, алардын мүмкүнчүлүгү кыйла өскөнү белгиленет.
Бул долбоор Батыш чалгын кызматтарынын тынчсыздануусун жаратууда, анткени Талибан чек арадан сырткары душмандарга чабуул жасай ала турган заманбап дрондорду иштеп чыгууга аракет кылууда.
Өзүнчө тынчсыздануучу жагдай — бул долбоордо “Аль-Каида” террордук уюму менен байланышы бар инженердин катышуусу. “Аль-Каида” террордук уюму АКШнын 2001-жылы Ооганстанга киришинин башкы себеби болгон. Маалымат булактары бул инженер мурда Улуу Британияда билим алганын, ошондой эле Талибан бийликке келгенден кийин “Аль-Каида” жана башка террордук топтор бул өлкөгө кайтып келгенин билдиришкен.
Талибандын инженерлери ар түрдүү жарылуучу заттарды, жардыруу ыкмаларын жана учуруу системаларын сыноодо.



















