Талибан кыймылынын өкүлдөрү Түркмөнстан менен чек арадагы Бадгис провинциясынын Бала Мургаб аймагында жаңы өтмөк куруу ниетин билдиришти.
Бул тууралуу “Хроника Туркменистана” басылмасы “Tolo News” маалымат агенттигине шилтеме берип билдирди.
Ооганстандын Соода жана инвестициялык палатасы (ACCI) жаңы өтмөк эки өлкөнүн ортосундагы товарлардын импортун жана экспортун жеңилдетүүгө жардам берет деп күтүүдө.

Ведомствонун жетекчиси Юнус Момандын айтымында, өтмөк аркылуу мунай жана ун ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ооган өкмөтүнүн өкүлү Забихулла Мужахиддин айтымында, өтмөк курула турган жер аныкталган жана учурда керектүү инфраструктураны курууну колго ала турган компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасында эки транспорттук өтмөк бар – Фарьяб провинциясында Акина жана Герат провинциясында Тургунди өтмөгү.




















