29-сентябрда “Талибан” түзгөн ооган өкмөтүнүн делегациясы Россияга келди. Алар Казань шаарында бир нече өлкөнүн өкүлдөрү чакырылган Ооганстан боюнча Москва форматындагы сүйлөшүүлөргө катышты.
Талиптердин делегациясын убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки баштап келди.
Ооган жаңжалын жөнгө салуу боюнча Москва форматынын биринчи жолугушуусу 2017-жылдын 14-апрелинде өткөн. Ага 11 өлкөнүн: Россия, Ооганстан, Кытай, Пакистан, Иран, Индия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жана атайын өкүлдөрү катышкан.
Москва форматынын негизги милдети Ооганстандагы улуттук жарашуу процессине жана бул өлкөдө тынчтык орнотууга көмөктөшүү болуп саналат.
Кечээ, 29-сентябрда Казань шаарында өткөн Ооганстан боюнча консультациялардын бешинчи жолугушуусу Москва форматындагы катышуучу-өлкөлөрдүн атайын өкүлдөрдүн жана жогорку кызмат адамдарынын деңгээлинде болуп өттү. Ага Индия, Ооганстан, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты. Ал эми Сауд Аравия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркиянын өкүлдөрү ардактуу конок катары чакырылган.

Жыйында тараптар террордук топтордун, биринчи кезекте “ИМ” террордук уюмунун ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүнөн улам Ооганстандагы коопсуздуктун оор абалын тынчсыздануу менен белгилешти. Алар азыркы ооган бийлигинин ИМге каршы күрөшүүдөгү олуттуу аракеттерин жогору баалап, аларды бардык террордук топторго каршы ушундай эле чараларды көрүүгө чакырышты.
Катышуучулар ооган бийлигин Ооганстанда жайгашкан террордук топтордун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүүгө жана өлкөдө терроризмдин жайылышынын жана туруксуздуктун очогу пайда болушуна жол бербөө боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырышты.
Ошондой эле азыркы ооган бийлигин Ооганстандын аймагынан келип жаткан терроризм коркунучуна жана баңги аткезчилигине каршы күрөшүүдө аймак өлкөлөрү менен кызматташууну арттырууга чакырышты. Көпчүлүк катышуучу өлкөлөр Ооганстандагы терроризмге сырттан колдоо көрсөтүүгө каршы экенин баса белгилешти.

Ооганстан боюнча Москва форматынын V жолугушуусунун катышуучулары
Мындан тышкары, Ооганстанда өлкөдөгү бардык этносаясий топтордун таламдарын чагылдыра турган чыныгы инклюзивдик өкмөттү түзүүдө прогресстин жоктугу айтылды.
Бирок, Талибандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки учурдагы министрлер кабинетин колдоого чакырды.
«Акыркы 45 жыл ичинде Ооганстандагы башкаруунун бир дагы чет элдик версиясы, анын ичинде инклюзивдик өкмөт өлкөнүн көйгөйлөрүн чече алган жок. Башка өлкөлөр, өзгөчө коңшуларыбыз Ооганстанга башкаруу моделин сунуш кылуудан карманышып, анын ордуна кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Ооганстан Ислам Эмиратын бардык тармактарга интеграциялоого басым жасашат деп үмүттөнөбүз”,-деди Муттаки.
Мындан тышкары, катышуучулар ооган бийлигин ооган элинин жашоо деңгээлин жогорулатуу, мындан ары миграцияга жол бербей, качкындардын кайтып келишине зарыл шарттарды түзүүгө чакырышты.
Тараптар Ооганстандын көз карандысыз, бирдиктүү жана тынч мамлекет катары түзүлүшүн жакташып, бул өлкөдө үчүнчү мамлекеттердин аскердик инфраструктуралык объектилерин кандайдыр бир шылтоо менен жайгаштырууга жол берилбестигин белгилешти.
Андан сырткары, гуманитардык жардамды саясатташтыруу аракеттери четке кагылып, Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар Ооганстандын азыркы бийликтери менен маданият, спорт жана билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Ошондой эле Ооганстандын катышуусу менен аймактык экономикалык долбоорлорду өнүктүрүүнүн келечегине оң баа берилип, эки тараптуу жана көп тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо зарылдыгы белгиленди. Буга байланыштуу Муттаки тараптарды Ооганстанга инвестиция салууга жана сооданы өнүктүрүү үчүн “Түндүк-Түштүк” транспорт коридорун пайдаланууга чакырды.
Ооганстан боюнча “Москва форматынын” Тажикстандан башка бардык катышуучулары Казандагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча “Казань декларациясына” кол коюшту. Тажикстан декларациянын бир нече пунктуна каршы болгон.