Бүгүн, 12-декабрда Талас ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Азенбек Козукеев облустук милиция башкармалыгынын кызматтарынын жана шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда онлайн форматта ыкчам кеңешме өткөрдү.
Кеңешме ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун үстүбүздөгү жылдын 4-декабрындагы онлайн аппараттык кеңешмесиндеги тапшырмалардын аткарылышы, анын ичинде быйылкы жылдын 12 айын ийгиликтүү жабуу максатында белгиленген 5 багытын ишке ашыруу боюнча өткөрүлдү.
Анда сапаттуу жана эффективдүү иш-чараларды жүргүзүүнү, ошондой эле, аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жол кырсыктарын алдын алуу багытында иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Кылмыштуулукту болтурбоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында ишке ашырылып жаткан “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” №103 Мыйзамынын аткарылышын улантууну белгилеп, жарандарга сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүүнү жакшыртуу, жардам сурап кайрылган жарандардын көйгөйлөрүн жеринде калыс жана акыйкат чечүү, иш кагаздардын сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы боюнча талаптарды койду.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык тартиптерин бекемдөөнү жана жарандарга сылык мамиле жасоо керектигин эскертти.























