Адабият боюнча 2024-жылдагы Нобель сыйлыгы түштүк кореялык жазуучу Хан Ганга “тарыхый травмаларды изилдеген жана адам жашоосунун морттугун чагылдырган күчтүү поэтикалык прозасы үчүн” ыйгарылды.
“Ал дене менен жандын, тирүүлөр менен өлгөндөрдүн ортосундагы байланыштарды уникалдуу түшүнөт жана өзүнүн поэтикалык жана эксперименталдык стили менен заманбап прозада новатор болуп калды”, – деп айтылат Нобель комитетинин пресс-релизинде.
Хан Ганг 1970-жылы Сеулдан 300 чакырымдай алыс жайгашкан Кванжу шаарында төрөлгөн. Анын атасы менен агасы да жазуучу. Хан жазуучулук карьерасын «Коом жана адабият» журналына ырларынын бирин жарыялоо менен баштаган. Ал кийинки жылы “Кызыл казык” аттуу аңгемеси “Сеул Синмун” адабий сынагында жеңип чыкканда расмий дебют жасаган.
2023-жылы Адабият боюнча Нобель сыйлыгы норвегиялык жазуучу Джун Фоссеге “сөз менен жеткирилгис нерселерди үн чыгарган инновациялык пьесалары жана прозалары үчүн” ыйгарылган.


















