Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов келерки жумада АКШнын президенти Дональд Трамп менен Вашингтондо жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Рашид Мередов Министрлер кабинетинин жыйынында маалымдаганын расмий “Нейтральный Туркменистан” гезити жазды.
Маалыматка караганда, Мередов Бердымухамедовдун АКШга сапарына даярдыктар тууралуу айтып берип, сапар Трамптын чакыруусу менен эки тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушууну жана “Борбор Азия — АКШ” саммитине катышууну көздөй турганын билдирген.
Бердымухамедов түркмөн-америка мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеген. Анын айтымында, бул саммит өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
С5+1 форматы (Борбор Азиядагы беш өлкө — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ) боюнча саммитке Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери жана Трамп катышары күтүлүүдө. Иш-чара 6-ноябрда Вашингтондо өтөт. Бул форматтагы саммит Трамптын катышуусунда биринчи жолу уюштурулат.
Буга чейин Борбор Азия лидерлери 2023-жылдын сентябрында ошол эле форматтагы жыйынга катышып, ал учурда АКШ президенти болгон Жо Байден менен жолугушкан.


















