31-июлда Астана шаарында Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Гурбанов «Борбор Азия – Корея» кызматташтык форумунун жогорку кызмат адамдарынын үчүнчү жыйынына катышты.
Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, дипломат өз сөзүндө форумдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселесине токтолуп, мамлекеттер ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууда «Борбор Азия – Корея» саммитин жана бизнес-саммитин өткөрүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди. Бул иш-чаралар ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы түз байланыштарды түзүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, санариптик технологиялар, айыл чарба жана өз ара кызыкчылык жараткан башка тармактардагы кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоого өбөлгө түзөрү айтылды.
Ошол эле күнү Ахмет Гурбанов Корея Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Чун Эй-хэ менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сапарлар менен байланыштардын өзгөчө мааниси белгиленип, тараптар ошондой эле «Борбор Азия – Корея» саммитине даярдык көрүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.



















