Optimar изилдөө борбору Түркияда 14-майда өтө турган президенттик шайлоонун алдында элдин пикирин сураштырды.
Сурамжылоого ылайык, Түркиянын учурдагы президенти Тайип Эрдоган 51,4%, анын атаандашы, оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу 48,6% добушка ээ болду, деп маалымдайт Hurriyet гезити.
Сурамжылоо 25-28-апрель аралыгында 3005 адамдын арасында жүргүзүлгөн.
Акыркы он күндө эки талапкердин тең рейтинги көтөрүлүп жатат. Жер титирөөдөн кийин ылдыйлаган Эрдогандын рейтинги кайра эки жумадан бери көтөрүлө баштады. Кылычдароглу добуштардын көбүн алган экинчи талапкер болду.
Optimar изилдөө борборунун «Президенттик шайлоодо эки талапкердин кимисине добуш бересиз?» деген суроосуна суралгандардын 51,4 пайызы Эрдоганга, 48,6 пайызы Кылычдароглуга деп жооп беришкен.
«Эрдоган 2018-жылдагы шайлоодо жеңген жыйынтыкка жакындап калды окшойт», — деп жазды гезит.
Төрт талапкер боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы: Эрдоган 48,6%, Кылычдароглу 44,1%, Мухаррем Инже 4,3%, Синан Оган 3%.
Hürriyet басылмасынын жазганына караганда, бул изилдөөлөр Түркия президенттик шайлоонун экинчи айлампасын күтүп жатканын болжолдойт.
Optimar изилдөө борбору буга чейин 2014 жана 2018-жылкы президенттик шайлоолорду жана 2017-жылдагы референдумду так болжоп келгени белгиленет.
Буга чейин Motto жана Bulgu Research апрель айында жүргүзгөн сурамжылоосунда “Эгерде шайлоо ушул жекшембиде өтсө, президенттик шайлоодо кайсы талапкерге добуш берет элеңиз?” деген суроого катышкандардын 49,5 пайызы Кылычдароглунун талапкерлигин атаса, Эрдоганды 41,5 пайызы колдогон. Эгерде шайлоо экинчи турга өтө турган болсо, суралгандар Кылычдароглуга — 51,4%, Эрдоганга — 40,9% беришкен.
Сурамжылоо 26 облуста телефон аркылуу жүргүзүлүп, 2400 адам сурамжыланган.
Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Талапкерлердин акыркы тизмесинде “Республикалык альянстан” талапкер катары азыркы мамлекет башчысы, 69 жаштагы Эрдоган, оппозициялык “Элдик альянстан” 74 жаштагы талапкер Кылычдароглу, ошондой эле Memleket партиясынын лидери 58 жаштагы Мухаррем Инже жана Ata альянсынан 55 жаштагы талапкер Ата Синан бар.
Эгерде талапкерлердин бири да 50%дан ашык добуш ала албаса, шайлоонун экинчи туру 28-майда өтөт.
Саясат талдоочулардын баамында, негизги күрөш Кылычдароглу менен Эрдогандын ортосунда болот.