Стамбулдун мурдагы мэри Экрем Имамоглу камалгандан кийин, анын бошотулушун талап кылган акцияга кошулуп мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүү маселеси дагы көтөрүлдү.
Түркиянын эң ири оппозициялык партиясы болгон Республикалык элдик партиясынын (РЭП) активисттери Стамбулда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү жана Имамоглунун бошотулушун талап кылып, ири кол топтоо иш чарасын өткөрүүдө.
Бул маалыматты РИА Новости жазды.
“Мен Имамоглунун эркиндикке чыгышын жана демократиялык жана адилет күрөштү камсыз кылган шайлоонун мүмкүн болушунча тез өтүшүн каалайм”, – деп жазылган үгүтчүлөр даярдаган кайрылуунун текстинде.
Оппозициялык партия кол топтоону марттын аягында баштаган, анын катышуучулары мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү жана тергөө аяктаганга чейин мурдагы мэрди камактан бошотууну талап кылышкан.
Партиянын 13-апрелдеги билдирүүсүнө караганда, буга чейин 10 миллиондон ашык кол топтолду.
Жекшемби күнү пункттардын биринде беш сааттын ичинде 500дөй адамдын колдоосун алууга мүмкүн болгон, бирок катышуучулардын көбү байланыш маалыматын көрсөтүшкөн эмес.
Партия келерки шайлоодо азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган алган 28 миллионго жеткен добуштардын санына жетүүнү максат кылууда.
Ал эми Түрк бийлиги 2028-жылга чейинки графикти сактоону талап кылып, мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн четке кагып келет.
Коррупция боюнча айыпталып 23-мартта камакка алынган Имамоглу дагы эле Силивринин четиндеги түрмөдө камакта.
Анын жактоочулары соттун чечимине даттанышкан, бирок арыз канааттандырылган эмес.
Ал эми Эрдоган буга чейин нааразычылык акцияларына комментарий берип жатып, оппозицияны коомчулукка «чагымчыл кылбоого» чакырган.
Эске сала кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын негизги саясий атаандашы деп эсептелген 54 жаштыгы Экрем Имамоглу паракорчулукка жана кылмыштуу уюмду жетектеген деген шек менен кармалган.
Анын биринчи сот отуруму 11-апрелде болуп, өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган жок. Ал жети жыл төрт айга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Соттук отурумда Имамоглу күнөөсүн четке кагып, ага каршы козголгон бардык дооматтар саясий негизде экенин кошумчалады. «Мен Стамбулда үч жолу шайлоодо жеңгеним үчүн бул жердемин»,- деген ал.
Ага козголгон кылмыш иши боюнча кийинки сот отуруму 16-июнга белгиленди.


















