Түндүк Корея (КЭДР) дүйшөмбү күнү Түштүк Корея жана АКШнын жыл сайын өткөрүлүүчү биргелешкен аскердик машыгууларын сынга алып, душмандарынан келген ар кандай коркунучтарды басуу үчүн өзүнүн сокку уруучу күчүн мындан ары да көбөйтөөрүн эскертти.
🔹 “Интерфакс” агенттигинин маалыматына ылайык, КНДР Тышкы иштер министрлигинин Куралсыздандыруу жана тынчтык институту төмөнкүдөй билдирүү таратты:
“Жыл сайын өткөрүлүүчү Freedom Shield аскердик машыгуулары Корей жарым аралындагы кырдаалды туруксуздаштырууда. Быйыл бул машыгуулар тарыхтагы эң агрессивдүү жана чабуулчу мүнөзгө ээ болуп, эң жогорку деңгээлге жетти.”
🔸 Пхеньян бул машыгууларды “туруктуу пландалган” жана “чагымчыл” деп сыпаттады.
🔸 АКШ жана Түштүк Корея алгачкы жолу бул машыгууларды кургактыкта, деңизде, абада, космосто жана кибермейкиндикте өткөрүүдө.
КЭДРдин пикиринде:
⚠️ “Корей жарым аралындагы аскердик тирешүү КЭДР менен АКШнын ортосундагы гана маселе болбойт. Бул жаңы дүйнөлүк согуштун очогу болушу мүмкүн.”
⚠️ “Эч ким токтото албай турган зор сокку уруучу күчкө ээ болуу — согуштун алдын алуунун, агрессорлордун коркутуусун жана шантажын көзөмөлдөөнүн эң ишенимдүү кепилдиги болуп саналат.”
КНДР ТИМинин Куралсыздандыруу жана тынчтык институтунун билдирүүсүндө айтылгандай:
🔹 Түндүк Корея душман мамлекеттердин ар кандай аскердик аракеттерин басуу үчүн “бардык категориялардагы” контрчараларын күчтөндүрүп жана жакшыртып турат.
🔹 КЭДР жоопкерчиликтүү ядролук мамлекет катары аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтык менен коопсуздукту ишенимдүү коргоону улантат.



















