Йенс Столтенбергдин ордуна НАТОнун баш катчысы боло турган Марк Рютте шейшембиде расмий түрдө кызматына киришет.
Бул тууралуу “Европейская правда” (“Европалык чындык”) маалымат каражаты билдирди.
НАТОнун баш катчылыгын тапшыруу аземи Брюсселдеги альянстын баш кеңсесинде өтөт. Столтенберг менен Рютте Түндүк Атлантика Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп, бардык кызматкерлерге кыскача билдирүү жасашат. Андан кийин Рютте НАТОнун баш катчысы катары алгачкы маалымат жыйынын берет.
Норвегиянын мурдагы премьер-министри Йенс Столтенберг уюмду он жыл башкарды.
Рютте Столтенбергдин альянстагы артыкчылыктарын сактап калат деп күтүлүүдө. Бул Украинага колдоо көрсөтүү, НАТО өлкөлөрүнүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүү жана АКШны Европанын коопсуздугуна киргизүү жөнүндө.
14 жыл бийликте тургандан кийин быйыл Голландиянын премьер-министрлигинен кеткен Рютте Украинаны катуу колдойт.

















