19-мартта Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу, анын басма сөз катчысы жана дагы 100гө жакын мэриянын кызматкерлери кармалганы кабарланууда.
Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу Түркиянын ИИМи жүргүзгөн операцияга ылайык коррупция жана Түркияда тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясын колдогон деп айып тагылып, камакка алынды. Буга чейин мэрдин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Бул маалыматты Түркиянын жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ал эми Түркиянын мамлекеттик Anadolu маалымат агенттиги саясатчыга терроризм боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Маалыматтарга караганда, жакынкы күндөрү саясатчы өлкөнүн 2027-жылга белгиленген президенттик шайлоодо оппозициялык талапкер катары жарыяланышы керек болчу жана азыркы мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы катары көрүнгөн.
Дагы башка маалымат булактарынын жазганына караганда, Стамбул университети Имамоглунун жогорку билими тууралуу дипломун бир күн мурун Башкы прокуратуранын мыйзамдуулугунан күмөн санаган өтүнүчүнөн кийин жокко чыгарган. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, жогорку билимдүү адам гана президенттикке талапкер боло алат.
Имамоглу кармалгандан кийин түрк бийликтери X, YouTube, Instagram жана TikTok сыяктуу бир нече социалдык тармактарга кирүү мүмкүнчүлүгүн чектегенин Reuters агенттиги Netblocks сайтына таянуу менен билдирди.



















