Министрлер Кабинети тарабынан 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин кармап туруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
“Тескеменин максаты Министрлер Кабинетинин 2024-жылга социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баалардын өсүү темпин ооздуктоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу тескемеси социалдык маанидеги товарларга баанын өсүшүн токтотуп туруу, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле 2024-жылы социалдык маанилүү товарлардын ата мекендик өндүрүшүн мамлекеттик колдоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, Министрлер Кабинети буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга КНСти нөлгө түшүрүү, айрым товарларды (жем, пияз, минералдык жер семирткич ж.б.) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу бааларды турукташтырууга өбөлгө түзгөн чараларды көргөн”,- деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетүүчү жагдай, Кыргызстан агрардык мамлекет деп аталган менен өзүн азык-түлүктүн эң маанилүү түрлөрү менен толук камсыз кыла албайт. Мисалы, суу май дээрлик 100% Россиядан, ун, буудай Россия менен Казакстандан экспорттолот. Балык менен жумуртка да сырттан ташылып келет.




















