Россиянын “Урал аба жолдору” авиакомпаниясына таандык Airbus-A320 учагы Новосибирскиден 180 чакырым алыстыкта талаага авариялык конууга аргасыз болду. Учакта алты экипаж мүчөсү жана 159 жүргүнчү, анын ичинде 23 бала болгон.
Олуттуу жаракат алгандар жок, беш кан басымы көтөрүлүп дарыгерлерге кайрылган.
“Урал аба жолдору” авиакомпаниясынын башкы директору Сергей Скуратов учактын авариялык конуу жасашына үч гидросистеманынын биринин иштен чыгышы себеп болгонун маалымат жыйынында билдирди.
“Омскиге жакындаганда, конуу учурунда учактын жашыл гидросистемасы иштебей калган. Жалпысынан учакта үч гидросистема бар: жашыл, сары жана көк. Ар бири учактын элементтеринин иштөөсүнүн белгилүү бир параметрлери үчүн жооп берет”, – деди ал.
Скуратовдун айтымында, мындай кырдаалда командирдин экинчи айланууга жана мүмкүн болуучу коркунучтарды баалоого убактысы өтө аз болот.
“Натыйжада командир учакты шассисин түшүрүп талаага кондурууну чечкен жана аны ийгиликтүү ишке ашырды”, – деди авиакомпаниясынын башкы директору.
Анын айтымында, учак сыртынан талкаланган эмес.
“Учак конду, бир нече мүнөттүн ичинде бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган, алар өздөрү үйлөмө трап менен эвакуацияланган, бардык авариялык люктар ачылган”, – деди Скуратов.
Мындан тышкары, ал учактын жүргүнчүлөрүнө 100 миң рублдан компенсация төлөнөрүн кошумчалады.
Аба транспортун эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.


















